Бейшембиге карата аба ырайы

© AFP / ARUN SANKARЖамгыр учурунда велосипед тээп бараткан адам. Архив
Жамгыр учурунда велосипед тээп бараткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.04.2022
Жазылуу
28-апрелге караган түнү республиканын айрым райондорунда жамгыр, тоолуу жерлеринде кар жаайт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Бейшембиде күндүзү өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +21...+26, Талас жергесинде +20...+25, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +24…+29, Ысык-Көл менен Нарын аймагында +15...+20 градусту көрсөтөт.
Термометрдин көрсөткүчү борбор калаа Бишкекте +23...+25, Ош шаарында +26…+28 градуска көтөрүлөт.
Бишкекте жаан учурнда адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.04.2022
Жаанчыл болобу? Бир жумага карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0