Спецоперация России по защите Донбасса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Ракетадан да кооптуу курал. Россия Батыштын кысымына кантип туруштук берет?

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүТалаадагы буудай. Архив
Талаадагы буудай. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2022
Жазылуу
Россиялык энергетикалык ресурстардан баш тартуу боюнча Батыштын аргасыз аракеттери көмүрсуутектерден да маанилүү тармакты таптакыр унутта калтыргандай... Дүйнөлүк ири агроөнөр жай ишканалары Россиядагы ишканаларын жабуудан баш тартканы учкай гана кабарланды.
Батыш маалымат каражаттарында профилдик рынокто ABCD деп белгилүү болгон дүйнөлүк алдыңкы Archer Daniels Midland (ADM), Bunge, Cargill жана Louis Dreyfus агроөнөр жай холдингдери саясий чечимге баш ийгиси келбегени супсак маалымдалды. Айыл чарба тармагындагы бул ири төрттүк март айынын башында Европа биримдигинин санкцияларына байланыштуу россиялык рыноктогу иштерин жыйыштырарын жарыялаган. Анткен менен жакында эле ал сөздөрүн артка алып, Россияда каларын жар салды. Жагдайга Сергей Савчук көз чаптырып, макала РИА Новости агенттигине жарыяланды.
Мында таң каларлык деле жагдай жок, болгону рынок динамикасына жана статистика көрсөткүчтөрүнө гана көз жүгүртүп коюу жетиштүү. Ал эми Батыштын жаңылыктар түрмөгүндө адатта планетанын турмушундагы Россиянын ролу тууралуу сөз болгондо энергетика жана эң оболу жаратылыш газы боюнча тема басымдуулук кылат.
Көгүлтүр от, албетте, заманбап экономиканын негизги стратегиялык ресурсу. Бирок андан алда канча маанилүү ресурстар жок эмес. Мында кеп айыл чарба өндүрүмдөрү, атап айтканда, дан азыктары, май, тоок эти жана башкалар туурасында. Россия адатта космостук ракета, аскер-өнөр жай комплексинин саамалыктары жана атомдук энергетикадагы ийгиликтери менен сыймыктанат. Бирок Россия акыркы жылдары айыл чарба өндүрүмдөрүнүн дүйнөлүк рыногунда алдыңкы оюнчуга айланган. Айрым көрсөткүчтөрдө Россиянын үлүшү ушунчалык жогору, камсыздоонун жөнгө салынган каналдарын жок кылуу каатчылыктын да эмес, бүтүндөй чөлкөмдөгү чыныгы ачарчылыкка себеп болушу ыктымал. Батыш маалымат каражаттарында айтылгандай, Россия дале эгин, күн карама майы, жүгөрү, арпа, уй, тоок эти жана шоколад кошулган кондитердик азыктарды өндүрүүчүлөрдүн ана башында.
Кызматташтык жылдарында бул жагынан Москвага өзүнчө ишканалар тургай, бүтүндөй өлкөлөр көз каранды болуп калган. Жакынкы мезгилге чейин эле муну эч ким этибарга да алган эмес. Украинада атайын аскердик операция башталгандан кийин эле Батыш ачууга алдырдыбы, айтор, ири бизнестен эмнеси болсо да Россия менен алаканы тезинен үзүүнү талап кылып кирди.
Россия — бул күн карама майынын дүйнөлүк рыногунун жарымы, ал эми буудай соодасынын 24%ы деп эсептеп чыккандар болду. Бул – россиялык үгүт эмес, Европа комиссиясынын соңку расмий маалыматы. Ал бул сапка Украинаны да кошуп, негизги профилдик территорияларда айыл чарба сезону үзгүлтүккө учурады дешке болот деп билдирди.
Германиянын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.04.2022
ЖМК: Германия Россияга каршы санкциялардан улам өзү карызга батууда
Вашингтон, Лондон жана Брюссель өз русофобиясында көшөрө бере турган болсо, азык-түлүк ресурстарынын рыногунда дал ушундай пропорцияда тартыштык жаралып, анын кесепетинен азык-түлүк баасы өсүп, таңсыктыкка кептеп, инфляцияны жогорулатат.
Рыноктун беш жылдык кыймылына бир үңүлүп көрөлү. Бул мезгил ичинде Россия дүйнөлүк рынокту буудай менен 19%га камсыздаган. АКШ жана Канада 13% жана 12% көрсөткүчтөрү менен экинчи жана үчүнчү орунда. АКШнын Айыл чарба министрлигинин (USDA) маалыматы боюнча, РФ бул беш жылдыкта дүйнөлүк соода тармагын күн карама майы менен басып алган. Украинаны кошпогондо дүйнөнүн калган бөлүгү аталган майдын 17 пайызын гана өндүргөн.
Россияга айыл чарбалык блокада коюлат деген ыктымалдык товардын бул түрлөрүнүн баасын асмандатып салды. Апрелдин ортосунда буудайдын тоннасын (free on board камсыздоо тутуму алкагында) 405 долларга сурашкан. Бул былтыркыга караганда 68%га жогору. Күн карама майынын тоннасы 24 пайызга (тоннасына 1 860 доллар), ал эми жүгөрү 28%га (334 доллар) кымбаттаган. Эгер россиялыктар муну көбүртүп-жабыртып атышат дегендер чыкса, Бириккен Улуттар Уюмунун отчетун карасаңыздар болот. БУУ азык-түлүктүн глобалдык рыногундагы азыркы кырдаалды аргасыз абал деп баалайт.
Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын башчысы Дэвид Бислинин айтымында, Россия менен рыноктук мамилени үзүү, мисалы, Йеменде эле сегиз миллион чакты кишинин күнүмдүк рационун эки эсе азайтууга мажбур кылат.
Анын сөзүнө Кошмо Штаттар мамлекеттик катчысынын орун басары Венди Шерман да кошулат. Анын айтымында, эл аралык кырдаал азыркыдай өрчүй берсе 13 миллиондон ашуун киши ачкалыктын азабын тартарын болжойт. Чынында Шерман айым мунун баарына "Украинага Путиндин кол салышынын кесепети" катары көрсөтүүдө. Бирок ал дал Россия ыктыярдуу азык-түлүк обочолонуусуна кетпөөгө аракет кылып жатканын, буга аны жамааттык Батыш түртүп жатканын унуткарган. Кооз сөздөрдүн аркасында жеке кызыкчылыктар турат эмеспи.
Германияда тез татым ресторандары картошканы майлардын аралашмасына кууруй башташты. Анын курамында күн карама майы болгону үчтөн бирин түзөт. АКШда май айында эле эт, канаттуу жана балык 13 пайызга кымбаттап, азыркы президенттин ансыз да төмөн рейтингин ылдыйлаткан.
Телефон жана интернетсиз эптеп күн кечирүүгө болор, бирок күн сайын адамдын нан жегиси келет. Мейли, ал тоталитардык россиялык буудайдан жасалса да...
Гамбургер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.04.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Башкасы түгүл тез татым да кымбаттап... Асмандаган бааларга америкалыктар айран-таң
Жаңылыктар түрмөгү
0