Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Сутуева: текшерген жеке клиникалардын көбүнүн лицензиясы жок болуп чыкты

© Sputnik / Асель СыдыковаСаламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башкы адиси Гүласыл Сутуева
Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башкы адиси Гүласыл Сутуева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.04.2022
Жазылуу
Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башкы адиси Гүласыл Сутуева учурда Кыргызстандын бардык аймагында жеке медициналык клиникалар текшерилип жатканын айтты.
Саламаттык сактоо министрлиги гепатит менен ВИЧ-инфекциясынын өсүп жатканына тынчсызданып, жеке клиникаларды текшере баштады. Жыйынтыгы кейиштүү. Көбү лицензиясыз жана медициналык талаптарды аткарбастан иштээри белгилүү болду. Мыйзамсыз иштеген стоматологиялык, гинекологиялык же сулуулук салондоруна кайрылган адамдардын ден соолугуна олуттуу коркунуч келүүдө. Бирок мыйзам боюнча министрликтин мындай кооптуу жайларды жабууга укугу жок. Бул тууралуу Гүласыл Сутуева Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Сутуева: текшерген жеке клиникалардын көбүнүн лицензиясы жок болуп чыкты
Анын айтымында, учурда Саламаттык сактоо министрлиги жеке клиникаларга мөөнөтсүз лицензия берип, ал медициналык жайларды текшере алат.
"Саламаттык сактоо министрлиги жеке клиникаларга мөөнөтсүз лицензия берип, ашыкча текшерүүлөр менен алардын ишине тоскоолдук жаратпайлы деген принцип менен иштеп келген. Министр Алымкадыр Бейшеналиевдин демилгеси менен стоматологиялык, гинекологиялык же косметологиялык клиникаларды текшере баштадык. Чындыгында эле ал кишинин бизге айткан аргументтери олуттуу болду. Акыркы жылдары кан аркылуу жугуучу жугуштуу оорулар менен анын ичинде гепатиттин С түрүн жуктуруп алгандардын статистикасы өсүп кетти. Биз негизинен министрликтен лицензия алган клиникалар өз багыты боюнча туура иштеп жатабы деген максатта текшерип баштаган элек. Бирок айрымдары лицензиясыз эле иштеп жатканы жаңылык болду. Кээ бири лицензия алган учурда катталган дарегинен башка жайда иштеп жатканы, санитардык-эпидемиологиялык эрежелер менен ченемдерди бузганы, косметологиялык клиникаларда медициналык билими жок адамдар иштегени жана башка ушул сыяктуу бир топ мыйзам бузуулар катталды. Бизде эстетикалык жана косметологиялык кызмат көрсөтүүнүн ортосундагы чек жок болуп кеткен экен. Ошондуктан сулуулук салондорунда деле ийне сайып, пластикалык операцияларды жасап, Кылмыш-жаза кодексинин "Мыйзамсыз дарылоо иши" беренесин бузган фактылар көп болуп жатат. Ал эми жеке клиникаларга лицензиянын мөөнөтсүз берилиши туура эле. Себеби зарыл болгон учурда лицензия берген орган ошол медициналык жайларды текшере алат. Бирок ишкердик субъектилерин текшерүүгө мораторий киргизилгендиктен министрлик уруксатсыз жеке медициналык жайларды каалагандай текшере албайт. Мораторийдин максаты — текшерүүлөрдүн санын кыскартуу, чакан жана орто бизнести мамлекеттик жана башка көзөмөлдөөчү органдардын кийлигишүүсүз өнүктүрүү. Бирок бизди эч ким текшербейт деп өз ишине жоопкерчиликсиз мамиле жасап жатышат", — деди Сутуева.
Ал жеке клиникалардын лицензия алган-албаганын министрликтин расмий сайтында жарыяланган лицензиялардын реестринен текшерүү керектигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0