https://sputnik.kg/20220423/borbor-aziya-rossiya-zholugushuu-1063871434.html
"Борбор Азия+Россия" форматындагы министрлер жолугушуусу. Көтөрүлгөн маселелер
"Борбор Азия+Россия" форматындагы министрлер жолугушуусу. Көтөрүлгөн маселелер
Sputnik Кыргызстан
Катышуучулар Борбор Азия аймагында тынчтык жана туруктуулукту камсыз кылуу үчүн биргелешип иштөөгө кызыкдар экенин билдиришкен. 23.04.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-04-23T00:06+0600
2022-04-23T00:06+0600
2022-04-23T00:22+0600
тим
борбор азия
министр
жолугушуу
коопсуздук
тамак-аш
https://sputnik.kg/img/07e6/04/16/1063867074_0:0:1281:721_1920x0_80_0_0_1c18574868a935603a996ecdfe90251e.jpg
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. "Борбордук Азия+Россия" форматында министрлердин бешинчи жолугушуусу болгонун ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.Билдирмеге караганда, жолугушуу видеоконференция режиминде өткөн. Ага Россиянын, Казакстандын, Кыргызстандын (Руслан Казакбаев кызматтан алынганча катышкан), Тажикстандын, Түркмөнстандын тышкы иштер министрлери жана Өзбекстандын инвестиция жана тышкы соода министри катышкан.Россия ТИМинин маалыматы боюнча, министрлер Борбор Азия аймагында тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылуу үчүн биргелешип иштөөгө кызыкдар экенин билдиришкен.Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев (22-апрелде кызматтан алынды. Жолугушуу ага чейин болгон) тамак-аш коопсуздугу менен камсыз кылуу кырдаалына көңүл буруу керектигин белгилеген."Казакбаев экономикалык абалдан чыгуу үчүн тамак-ашты алып чыгууга чектөө киргизип же тыюу салбаш керектигин айткан. Жүк ташуучуларга шарт түзүп берип, чек арадагы негизсиз текшерүүлөрдү кыскартып, темир жол, автоунаа байланыштарын жандантуу керектигин белгилеген", — деп жазылат ТИМдин билдирмесинде.Ал жаңы транспорт коридорлорун ачууга биргелешип күч жумшоо керектигине да токтолгон.
https://sputnik.kg/20220421/aksh-borbor-aziyany-ekinchi-liviya-menen-irakka-aylantyshy-mumkun-1063828775.html
борбор азия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/04/16/1063867074_0:0:1137:853_1920x0_80_0_0_e75681bafde95eabca8947b904ba59d1.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
тим, борбор азия, министр, жолугушуу, коопсуздук, тамак-аш
тим, борбор азия, министр, жолугушуу, коопсуздук, тамак-аш
"Борбор Азия+Россия" форматындагы министрлер жолугушуусу. Көтөрүлгөн маселелер
00:06 23.04.2022 (Жаңыртылды: 00:22 23.04.2022) Катышуучулар Борбор Азия аймагында тынчтык жана туруктуулукту камсыз кылуу үчүн биргелешип иштөөгө кызыкдар экенин билдиришкен.
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. "Борбордук Азия+Россия" форматында министрлердин бешинчи жолугушуусу болгонун ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, жолугушуу видеоконференция режиминде өткөн. Ага Россиянын, Казакстандын, Кыргызстандын (
Руслан Казакбаев кызматтан алынганча катышкан), Тажикстандын, Түркмөнстандын тышкы иштер министрлери жана Өзбекстандын инвестиция жана тышкы соода министри катышкан.
Россия ТИМинин маалыматы боюнча, министрлер Борбор Азия аймагында тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылуу үчүн биргелешип иштөөгө кызыкдар экенин билдиришкен.
"Катышуучулар Афганистандагы кырдаалга токтолуп, бул мамлекеттин элине гуманитардык каатчылыктан чыгууга жардам берүү тууралуу сүйлөшкөн. Ошондой эле Борбор Азияда террорчулук менен диний экстремизмдин тарап кетпешине жол бербөө тууралуу пикир алышкан", — деп айтылат маалыматта.
Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев (22-апрелде кызматтан алынды. Жолугушуу ага чейин болгон) тамак-аш коопсуздугу менен камсыз кылуу кырдаалына көңүл буруу керектигин белгилеген.
"Казакбаев экономикалык абалдан чыгуу үчүн тамак-ашты алып чыгууга чектөө киргизип же тыюу салбаш керектигин айткан. Жүк ташуучуларга шарт түзүп берип, чек арадагы негизсиз текшерүүлөрдү кыскартып, темир жол, автоунаа байланыштарын жандантуу керектигин белгилеген", — деп жазылат ТИМдин билдирмесинде.
Ал жаңы транспорт коридорлорун ачууга биргелешип күч жумшоо керектигине да токтолгон.