Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековОш шаарындагы Сулайман-Тоодогу кишилер
Ош шаарындагы Сулайман-Тоодогу кишилер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.04.2022
Жазылуу
23-апрелге караган түнү Чүй менен Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Ишемби күнү күндүз тоолуу райондордо кар жаайт, ал эми дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +21...+26, Талас жергесинде +20...+25, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +23…+28, Ысык-Көлдө +17…+22 жана Нарын аймагында +18...+23 градуска көтөрүлөт.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +24...+26, Ош шаарында +25…+27 градус ысыйт.
Кол чатыр көтөрүп көчөдө бараткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.04.2022
Жаан жаайбы? Дем алышка карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0