Бейшембиге карата аба ырайы

© Фото / Геннадий ЗакировБишкекте күн күркүрөп жатат. Архив
Бишкекте күн күркүрөп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.04.2022
Жазылуу
21-апрелге караган түнү көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, күн күркүрөп, тоолуу райондордо кар жаайт. Тоолуу жолдор тайгак болот.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү кээ бир райондордо жамгыр жаап, күн күркүрөп, тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +17...+22, Талас жергесинде +16...+21, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +19…+24, Ысык-Көл менен Нарын аймагында +14...+19 градусту көрсөтөт.
Бишкек менен Ошто түнкүсүн мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада +20...+22, Ош шаарында +22…+24 градуска көтөрүлөт.
Телефон кармаган кыз. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.04.2022
Кайрадан кар жаайбы? Бир аптанын аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0