Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Чекиров: "Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" 25,5 млн. сом киреше тапты

© Sputnik / Асель СыдыковаНачальник отдела организационной работы и связей с общественностью Государственной страховой организации Нурсултан Чекиров
Начальник отдела организационной работы и связей с общественностью Государственной страховой организации Нурсултан Чекиров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.04.2022
Жазылуу
Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун уюштуруу иштери жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Нурсултан Чекиров өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча компаниянын уставдык капиталы 357 миллион сомдон ашык каражатты түзгөндүгүн айтты.
"Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" былтыр 25,5 миллион сом таза киреше таап, каражат дивиденддерди төлөөгө жана компаниянын уставдык капиталын көбөйтүүгө жумшалат. Бул тууралуу Нурсултан Чекиров Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Чекиров: "Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" 25,5 млн. сом киреше тапты
Анын айтымында, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду камсыздандыруу уюмунун түзүүчүсү катары компанияны көзөмөлдөп турат.
"Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун" акциясынын 100 пайызы мамлекетке таандык. 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча компаниянын уставдык капиталы 357 миллион сом, активи 400 миллион сомдон ашты. "Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" өткөн жылы 25,5 миллион сом таза киреше таап, каражат дивиденддерди төлөөгө жана компаниянын уставдык капиталын көбөйтүүгө жумшалат. Тактап айтканда, биз акционердик коом катары кирешенин жарымын бюджетке которобуз. Акыркы учурларда турак жайын камсыздандырган жарандардын саны көбөйө баштады. Көбүнесе элетте жашагандар түрдүү кырсыктарды алдын алып, биз менен тыгыз кызматташып келет. Айыл жергесинде камсыздандыруу төгүмү айына 600 сом, шаар жеринде 1200 сомду түзөт. Кырсык чалып, үйү талкаланса айылдагылар 500 миң сомго, шаар жергесинде бир миллион сомго чейин компенсация ала алышат", — деди Чекиров.
Ошондой эле адис "Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун" ишмердүүлүгү социалдык мүнөзгө багытталып, жарандарга бардык шарттар каралганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0