Алмазбек Атамбаев Молдовановкадагы абакка которулду

© Sputnik / Табылды КадырбековМурдагы президент Алмазбек Атамбаев
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.04.2022
Жазылуу
Буга чейин саясатчы Бишкек шаарындагы №47 түзөтүү мекемесинде кармалып турган. Кийин өзү Петровка айылындагы №8 колонияга которууну суранган.
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Молдовановка айылындагы №27 абакка которулду. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынан (ЖАК) билдирди.

"Алмазбек Атамбаев соттун чечими менен мындан ары №27 абакта жазасын өтөмөй болду", — деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин саясатчы Бишкек шаарындагы №47 түзөтүү мекемесинде кармалып турган. Кийин өзү Петровка айылындагы №8 колонияга которууну суранган.
Эске салсак, Биринчи май райондук соту 2020-жылдын июнь айында Атамбаевди кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча 11 жыл эки айга кескен. Бишкек шаардык соту бир айдан кийин райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Бирок 2021-жылдын декабрь айында Алмазбек Атамбаевдин эки иш боюнча камакка алуу бөгөт чарасы жокко чыгарылган. Анткен менен Жогорку сот 12-октябрда Башкы прокуратуранын өтүнүчү менен Батукаевдин иши боюнча Атамбаевге мурда чыккан өкүмдү кайра калыбына келтирген. Учурда Кой-Таш жана 2020-жылдагы октябрь окуялары боюнча соттук процесстер жүрүп жатат.
Атамбаев 2020-жылдын октябрь айында УКМКнын тергөө абагынан №1 тергөө абагына которулган. Бирок ал жактагы шарт начар болгондуктан ачкачылык жарыялаган. Мындан улам аны №47 колонияга которушкан эле.
Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2022
"Симулянт эмесмин!" Атамбаевдин сотто кабинаны тепкилеп кайра чуу салган видеосу
Жаңылыктар түрмөгү
0