Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Украинанын армиясы мектеп, ооруканаларга ок атуучу пунктуларды жайгаштырууда

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүУкраинадагы бала бакчанын сынган терезеси
Украинадагы бала бакчанын сынган терезеси  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.04.2022
Жазылуу
ДССУ украиналык неонацисттердин медициналык жайларды коргонуу жана ок атуу пункту катары колдонуп жатканына азыркыга чейин баа бере элек.
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Украина армиясынын бөлүктөрү менен улутчул батальондор бала бакча, мектеп жана медициналык жайлардын аймактары менен имараттарына ок атуучу пунктуларды жайгаштырууда. Бул тууралуу Россиянын Коргонуу башкармалыгы улуттук борборунун жетекчиси Михаил Мизинцев билдиргенин Коргоо министрлиги кабарлады.
Анын айтымында, мындай жол менен Украинанын аскерлери эл аралык гуманитардык укуктун нормаларын бузуп жатышат. Бул сыяктуу фактылар Днепр, Запорожье, Киев, Одесса, Харьков, Чернигов жана Украинанын башка аймактарында катталган.
"Киев режиминин өз жарандарына жасаган аёосуз мамилеси, эл аралык гуманитардык укуктун нормаларынын бузулушу тууралуу маалымат Гуманитардык аракеттенүү боюнча Россиянын ведомстволор аралык координациялык штабынын билдирүүлөрүндө күндө айтылууда. ДССУ украиналык неонацисттердин медициналык жайларды коргонуу жана ок атуу пункту катары колдонуп жатканына азыркыга чейин баа бере элек", — деген Мизинцев.
Ал өнүккөн делген Батыш өлкөлөрү Украинанын миллиондогон жарандарынын тагдырына кайдыгер караганын айтып, Украинанын эл аралык гуманитардык укуктук нормаларды бузуп жатканына эч кандай практикалык чара көрбөгөнүнө токтолгон. Мизинцев эл аралык уюмдарды Украинадагы медициналык жайларды аскердик максатта колдонууга жол бербөөгө багытталган чараларады көрүүгө чакырган.
Россия Украинадагы атайын операцияны 24-февралда баштаган. Владимир Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" экендигин айткан. Бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап, Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жаткандыгын белгилеген.
Россиянын Коргоо министрлиги куралдуу күчтөр соккуну Украина тараптын аскердик инфраструктуралары менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирип келет.
Украинада жүргүнчү ташыган автобустун жанында качкындар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.04.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия Украина менен Донбасстан 830 миңден ашык качкынды эвакуациялады
Жаңылыктар түрмөгү
0