Казакстан буудай менен унду экспорттоого чектөө киргизди

© Sputnik / Александр Кондратюк / Медиабанкка өтүүБуудай жыйноо. Архив
Буудай жыйноо. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.04.2022
Жазылуу
Министрдин айтымында, бул ун менен буудайды экспорттоочулардын укугун чектебейт. Анткени акыркы беш жылда айына 100-120 миң тоннадай ун чыгарылып келген.
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Казакстандын айыл чарба министри Ербол Карашукеев № 110 "Казакстандын аймагынан айрым товарларды чыгаруу боюнча маселелер" буйругу менен ун менен буудайды экспорттоого чектөө киргизди. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.
Билдирмеге караганда, азыркы тапта буйрук Юстиция министрлигинин мамлекеттик каттоосуна жөнөтүлгөн.
Өткөн жумада айыл чарба министри ун менен буудайды экспорттоого чектөө эки жуманын ичинде киргизилип, 15-июнга чейин созуларын билдирген.
"Казакстан бул убакыт аралыгында 1 миллион тонна буудай жана 300 миң тонна ун сата алат. Ошол эле учурда өндүрүшчүлөр чыгарылган көлөмдүн 10 пайызын ички рынокко, башкача айтканда, 100 миң тонна буудай менен 30 миң тонна унду арзан баада өткөрүшү керек", — деп айтылат маалыматта.
Министрдин айтымында, бул ун менен буудайды экспорттоочулардын укугун чектебейт. Анткени акыркы беш жылда айына 100-120 миң тоннадай ун чыгарылып келген. Ал эми 300 миң тонна ундун сатылышы экспортчуларды жабыркатпайт.
Белгилей кетсек, буга чейин Казакстанда буудай жетишсиз болуп баасы өсүп жаткандыктан, тегирмендер ишин токтото баштаганы айтылган.
Ун чыпталары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2022
Пакистандан да келет. Кыргызстан буудай менен унду кайсы өлкөлөрдөн алат
Жаңылыктар түрмөгү
0