00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
7 мин
Личный интерес
Интернет вместо учебника: почему молодёжь лучше запоминает историю через живые форматы
16:08
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
4 мин
Экономикалык панорама
Бизнес кеңешчи учактагы экинчи учкучтайбы?
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
9 мин
Тема дня
Микрокредиты: мифы, ставки и реальность - глава АМФО о том, как устроен рынок
18:11
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Кеменгер
«Октябрь революциясынын бешиги». Сүлүктү шаары жөнүндө баян
19:07
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
9 мин
Максимальный репост
Устал отдыхать: психолог - о том, почему длинные выходные не восстанавливают
20:10
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Жылуу мезгилде сак бол! Тамактан уулануунун кантип алдын алабыз?
21:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
3 мин
Будь в курсе
Село Оттук и «Монументы Победы»: как восстанавливают памятники ВОВ в Кыргызстане
08:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Ажылыктын талаптары кандай өзгөрдү — ажылыкка 6060 кыргызстандык барат
09:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Тема дня
Кто управляет вашим домом: как работают ТСЖ и что меняет новый законопроект КР
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Улуу Жеңиштин 81 жылдыгы жана "Өчпөс полк" жүрүшү
11:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Кто переписывает историю и зачем: разговор с историком Эсеном Усубалиевым
12:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жакынкы Чыгыштагы кырдаал Кыргызстандын туристтик рыногуна таасирин тийгизеби?
13:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Камчыбеков: Кумтөрдөн кеминде 1,8 млрд. доллар каражат түшөт

© Sputnik / Асель СыдыковаТоо-кен өндүрүүчүлөр жана геологдор ассоциациясынын төрагасы Дүйшөнбек Камчыбеков
Тоо-кен өндүрүүчүлөр жана геологдор ассоциациясынын төрагасы Дүйшөнбек Камчыбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2022
Жазылуу
Тоо-кен өндүрүүчүлөр жана геологдор ассоциациясынын төрагасы Дүйшөнбек Камчыбеков Кумтөр боюнча бардык маселе ачыкталышы керектигин белгиледи.
Кумтөр боюнча Centerra компаниясына коюлган доонун кандайча чечилгенин коомчулукка ачыктоо зарыл. Анткени бул маселе азыр болбосо кийин баары бир көтөрүлөт. Мындай пикирин Дүйшөнбек Камчыбеков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Камчыбеков: Кумтөрдөн кеминде 1,8 млрд. доллар каражат түшөт
Анын айтымында, бул багыттагы сүйлөшүүлөрдүн ачыкка чыгуусу талаш-тартышты ырбатпай чекит коюуга шарт түзөт.

"Кумтөрдү улутташтыруу жолу менен кетсек Centerra компаниясына компенсация төлөп калышыбыз ыктымал эле. Анткени улутташтыруу боюнча БУУнун кабыл алган резолюциясы бар. Бүгүнкү күндө Кыргызстан Centerra компаниясына коюлган доонун, алар келтирген аргументтердин негизинде сүйлөшүү аркылуу Кумтөр кайтарылды. Муну жакшы жаңылык катары баалоого болот. Анткени 1997-жылдан бери Кумтөр кенинен 440 тоннадай алтын өндүрүлүп, 12 миллиард доллар түшкөн. Анын ичинен Кыргызстанга 13-14 көрсөткүч менен алсак 1,5 миллиард доллар, ал эми 30 көрсөткүч менен 4,5 миллиард доллар калган. Бул жерде, мисалы, 2020-жылдын жыйынтыгы менен өндүрүлгөн 17,3 тонна алтындан 960 миллион доллар пайда тапса, анын 16 пайызы өлкөдө калып, калганы чет жакка чыгып кетүүдө деген сөз. Ал эми мындан ары кенден канча каражат табылса, ал толугу менен өлкөдө калат. Адистер Кумтөр боюнча долбоорду үчкө бөлүп, ошол багытта сунуштарды берүүдөбүз. Биринчиси, кендин мамлекеттин карамагына өтүшү. Экинчиси, экологиялык көйгөй боюнча коюлган доонун кандай болуп чечилгенин коомчулукка ачык айтуу зарыл. Анткени бул маселе азыр болбосо кийин баары бир көтөрүлөт. Ошондуктан баары ачыкталып, бул маселенин тегерегиндеги талаш-тартыш ырбабай чекит коюлушу шарт. Үчүнчүсү, кенди иштетүү маселеси. Centerra компаниясынын планы боюнча 195 тонна алтын аныкталып, 2031-жылга чейин иштетүү мерчемделип жаткан. Кийин Кумтөргө тышкы башкаруу киргизилгенде ал программаны, чалгындоо иштеринин натыйжаларын алып кетип калышты. Сүйлөшүүлөргө ошол программаны кайтаруу боюнча талапты кошуу зарыл. Анан жабык иштетилеби же ачыкпы, кандай иштетилет деген маселени адистер менен кеңешип, программасын түзүү зарыл. Анткени эсептөөлөр боюнча, аталган кенди дагы тогуз жылдай иштетүүгө болот. Ошол убакытта жылына жок дегенде 200 миллион доллардан тапсак дагы 1,8 миллиард доллардан кем эмес каражат бюджетке түшүп калат", — деди Камчыбеков.

Ошондой эле ал экологиялык маселени дагы көңүл сыртында калтырбаш керектигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0