Европанын үч өлкөсү Россиянын газын алууга салынган тыюуга каршы чыкты

© Sputnik / Дмитрий Лельчук / Медиабанкка өтүү"Түндүк агым-2" газ кууру. Архив
Түндүк агым-2 газ кууру. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2022
Жазылуу
Австриянын канцлери Евробиримдик Россиянын газынан көз каранды болбош үчүн бардык аракетти көрүп жатканын, бирок азыр муну ишке ашыруу мүмкүн эмес экенин белгиледи.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Вена, Берлин жана Будапешт Россиянын газын ташып келүүгө тыюу салганга каршы. Бул тууралуу Австриянын канцлери Карл Нехаммер CNN телеканалынын эфиринде билдиргенин РИА Новости жазды.
"Австрия газдын эмбарго болушун колдобогон жалгыз мамлекет эмес. Бир жагынан Австрия Евробиримдикке кирген мамлекеттердин таламын талашып Россияга каршы санкцияларды колдойт. Бирок санкциялардын кедергиси Евробиримдикке эмес, Россияга көбүрөөк тийииши керек", — деген ал.
Канцлердин айтымында, Еврокомиссия менен ЕБ кеңеши мунайды ташууга тыюу салууну талкуулап жатат, бирок газ өзүнчө маселе, андан көп мамлекеттин өндүрүшү көз каранды.
"Евробиримдик Россиянын газынан көз каранды болбош үчүн бардык аракетти көрүшүбүз керек деп жатат, албетте, муну Австрия дагы каалайт. Бирок азыр бул мүмкүн эмес. Убакыт керек", — деди Нехаммер.
Австриянын канцлери 11-апрелде Москвага келип, Россиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүү жүргүзгөн. Жолугушууга ЖМК өкүлдөрү киргизилген эмес. Кийинчерээк Австриянын оппозициялык партиясынын башчысы Херберт Кикль канцлер энергия каражаттары тууралуу кеп кылбаганын сындаган.
Россиянын Украинаны демилитаризация жана денацификациялоо боюнча атайын операциясы башталгандан тарта Батыш Москвага санкция боюнча басымдарын катуулатты. Чектөө биринчи иретте банк системасы менен жогорку технологиялык продукцияларды ташып келүү жолдоруна коюлду. Бирок мунун баары Батыш өлкөлөрү үчүн экономикалык көйгөйлөрдү жаратты.
Россиянын президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.04.2022
Путин: Батыштын санкциялары өзүндө болуп көрбөгөндөй кризисти жаратты
Жаңылыктар түрмөгү
0