Бейшембиге карата аба ырайы

© AP Photo / Mark SchiefelbeinКол чатыр көтөргөн аял. Архив
Кол чатыр көтөргөн аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.04.2022
Жазылуу
14-апрелге караган түнү Ысык-Көл облусунун кээ бир жерлеринде жамгыр жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт.
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Бейшемби күнү өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр жаап, өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй менен Талас жергесинде +19...+24, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +23…+28, Ысык-Көлдө +14...+19, Нарын аймагында +13...+18 градус жылуу болот.
Бишкек менен Ош шаарында жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада +20...+22, Ош шаарында +26…+28 градуска жетет.
Бишкектеги мартта жааган кар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.04.2022
Адис тез өзгөргөн аба ырайы адамга кандай таасир этерин айтып берди
Жаңылыктар түрмөгү
0