Арзыбек Кожошев ЕЭК кеңешинин жыйынын өткөрүү үчүн Москвага барды

© Пресс-служба правительства КРМинистрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.04.2022
Жазылуу
Сапардын алкагында Кожошев эки тараптуу бир катар жолугушууларды өткөрөрү айтылды.
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Москвада жумушчу сапары менен жүрөт. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Сапардын жүрүшүндө Кожошев эки тараптуу бир катар жолугушууларды өткөрөрү айтылды. Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 23-пленардык жыйынына катышат.
Ошондой эле ЕЭК кеңешинин төрагасы катары Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрөт.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.03.2022
Кыргызстан менен Казакстан министрлери жүк ташуу боюнча сүйлөштү
Жаңылыктар түрмөгү
0