Кыргыз-казак чек арасында жол ачылды

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүКыргыз-казак чек арасындагы эл. Архив
Кыргыз-казак чек арасындагы эл. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2022
Жазылуу
Ошол эле учурда ПЦР-тесттин терс жыйынтыгы же эмдөөдөн өткөнү тууралуу документ талап кылынат.
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Казакстан 11-апрелде түнкү саат 12:00дөн кийин чек арасынан автоунаа өткөрүүгө коюлган чектөөлөрдү алып салды. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди.
Ошол эле учурда COVID-19 анализинин терс натыйжасы көрсөтүлгөн ПЦР-тест же эмдөөнүн, ревакцинациянын толук курсунан өткөндүгү тууралуу документти милдеттүү түрдө көрсөтүү талабы сакталып калат.
Кыргыз-казак чек арасынан автотранспорт каттамы менен өтүүгө 2020-жылы жазында коронавирустун жайылышына байланыштуу чектөө кирген болчу.
Ак-Тилек көзөмөл-өткөрүү бекетинде жүк ташуучу унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2022
Кыргыз-казак чек ара бекеттеринде жүк ташуучу унаалар топтолуп калды
Жаңылыктар түрмөгү
0