Ата-эне баласын 6 жашынан мектепке берүүдөн баш тарта алабы? Шарты

© Sputnik / Табылды КадырбековОкуучулар. Архив
Окуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.04.2022
Жазылуу
Журналисттердин бири "мурда балдар даярдоо классына барбай эле 1-класста окуй берчү. Эгер ата-энеси үйүнөн окутуп даярдаса, 1-классты окубай эле 2-класска секирип кетүү мүмкүнчүлүгү барбы?" деген суроо берген.
БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлигинин адистери 6 жаштагы баланы ата-эне 1-класска бербей эле үйүнөн окутса болобу деген суроого маалымат жыйын учурунда жооп берди.
Белгилей кетсек, буга чейин министрлик 12 жылдык окуу боюнча журналисттерге маалымат жыйын өткөргөн. Анда журналисттердин бири "мурда балдар даярдоо классына барбай эле 1-класста окуй берчү. Эгер ата-энеси үйүнөн окутуп даярдаса, 1-классты окубай эле 2-класска секирип кетүү мүмкүнчүлүгү барбы?" деген суроо берген.
Алгач журналисттин суроосуна Кыргыз билим берүү академиясынын мектепке чейинки билим берүү жана мектеп билим берүүсү борборунун директору Айнагүл Ниязова жооп берди.
"Баланы үйдө окутуу деген бар. Анда баланы үйүнөн окутуп, кийин келип экзамен тапшырып, класстан класска өтсө болот. Менин оюмча, комиссия түзүлүп, арыз жазса мындай нерсе биздин жоболордо бар. Ал бала билимине жараша секирип же башка класска которула алат", — деди Ниязова.
Андан соң билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова бул тартипти толугу менен түшүндүрүп берди.
"Эгер ата-эне баласын үйдө окута алам десе, ал бизге арыз менен кайрылат. Министрлик уруксат берген соң ал бала кийин бара турчу мектебине бекитилет. Мектеп үйүнөн окуп жаткан балдарды каттоого алгандан кийин билимин чейрек сайын текшерип турат. Эгер ата-эне үйдө окута албаса, анда ал мектепке барышы керек", — деди Жусупбекова.
Буга чейин министр Алмазбек Бейшеналиев соцтармакка бала мектепке 1-класска 7 жашынан эмес, 6 жашынан милдеттүү түрдө бара баштаарын, даярдоо класс жоюларын, мектептер 12 жылдык окууга өтөрүн жазган.
Бул коомчулукта кайчы пикирлерди жаратып, буга байланыштуу министрлик маалымат жыйын өткөргөн. Бирок анда министрлик 12 жылдык окуунун ыраатын так түшүндүрө алган эмес.
Сабактагы окуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.04.2022
12 жылдык окуу качан башталары айтылды
Жаңылыктар түрмөгү
0