Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Макиева: эми Кыргызстанда да рактан улам кесилген эмчек реконструкцияланат

© Sputnik / Табылды КадырбековДоктор медицинских наук, профессор кафедры онкологии и лучевой терапии КРСУ Кыял Макиева
Доктор медицинских наук, профессор кафедры онкологии и лучевой терапии КРСУ Кыял Макиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.04.2022
Жазылуу
Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-орус славян университетинин онкология жана нур терапиясы кафедрасынын профессору, медицина илимдеринин доктору, онколог, маммолог Кыял Макиева Кыргызстанда аялдар текшерилүүгө кайдыгер мамиле кылып келишерин айтты.
Кыргызстанда залал шишиктен улам эмчеги кесилген учурда реконструкциялоо алгач ирет жасалганы турат. Бул тууралуу Кыял Макиева Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Макиева: эми Кыргызстанда да рактан улам кесилген эмчек реконструкцияланат
Анын айтымында, аталган операция акысыз жүргүзүлөт.
"Адатта биздин аялдар рак өрчүп кеткенде, оору пайда болгондо гана дарыгерге кайрылышат. Бул учурда көбүнесе дарылаганга кеч болуп калат. Андыктан ар бир аял жыл сайын маммологдон текшерүүдөн өтүп турса өз саламаттыгы үчүн жакшы болмок. Бирок ооруга чалдыгып калган учурда деле кол куушуруп отуруп калбайбыз. Биопсия аркылуу анализдерин алып, рактын түрүн аныктап алган соң ошого жараша дарылайбыз. Өтүшүп кеткен учурларда эмчекти толугу менен кесип салууга туура келет. Бул аялдарды олуттуу стресске кептеп, үй-бүлөлүк жашоосунун начарлаган учурлары да бар. Андыктан кайрадан чоюп же имплант салып реконструкциялап коюу керек. Ушул убакка чейин биз бул реконструкциялоо иштерин жасай алчу эмеспиз. Анткени шарт жок эле. Быйыл колго алганы турабыз. Зарыл болсо Онкологиялык улуттук борборго кайрылышса болот. Анын өзүнүн талаптары бар. Белгилүү убакыт сууга түшпөө, оор жумуш жасабоо, үч айда бир текшерилип туруу сунушталат", — деди Макиева.
Ал реконструкция жасатууну каалагандар үчүн ага чейин жана кийин аткарылчу талаптарды дарыгерлер түшүндүрүп берерин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0