Венгрия ТИМи Украинанын элчисин чакырды

© AP Photo / Noemi BruzakВенгриянын улуттук желеги. Архив
Венгриянын улуттук желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2022
Жазылуу
Украинанын элчисин Венгрия ТИМи алардын позициясы тууралуу дипломаттын мазактаган сөздөрүнөн кийин чакырткан.
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Украина элчиси Любовь Непопту Венгрия ТИМи Будапешттин Украина жаатындагы позициясы боюнча айтканынан кийин чакырды. Бул тууралуу Рейтер агенттиги аталган өлкөнүн тышкы иштер боюнча ведомство жетекчиси Петер Сийяртого шилтеме кылып билдирди.
"Венгер Тышкы иштер министрлиги Украина элчисин ... согуш боюнча Венгриянын позициясы боюнча мазактаган билдирүүсү үчүн чакырды", — деп айтылган маалыматта.
ТИМдин билдирүүсүндө Киевге "Венгрияны мазактаганды токтотуп жана венгер элинин эркин таанууга" мезгил жеткени айтылган.
Буга чейин Венгриядагы Россия элчиси РИА Новостиге берген маегинде Украинанын Будапешттеги элчиси өздөрүнүн ТИМ жетекчиси Дмитрий Кулеба экөө оппозиция менен бирге Венгриядагы шайлоонун жыйынтыгына таасир этүү ыкмаларын талкуулагандыгын билдирген. Венгрия ТИМ жетекчиси Петер Сийярто Украинаны өлкөдө болгон парламенттик шайлоонун жыйынтыгына таасир этүүгө аракет кылды деп күнөөлөгөн. 3-апрелде өткөн шайлоодо премьер-министр Виктор Орбандын жетектөөсү менен оңчул альянс жеңишке жеткен.
Ак үйдүн расмий өкүлү Жен Псаки. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Псаки: Россия акчасын толук сарптап же дефолт жарыялашы керек
Жаңылыктар түрмөгү
0