Спецоперация России по защите Донбасса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Россиянын Бучадагы кырдаалга катыштыгы жок. Песковдун билдирүүсү

© REUTERS / ZOHRA BENSEMRAБуча шаарындагы Украинанын аскерлери
Буча шаарындагы Украинанын аскерлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.04.2022
Жазылуу
Россиянын Коргоо министрлигинин адистери таратылган маалыматта видеонун жасалма болгону боюнча белгилер бар экендигин айткан.
БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Россия Бучадагы украиналык адамдардын өлүмүнө катыштыгы бар деп каралаган бардык айыптоолорду четке кагат, бул тема эл аралык деңгээлде талкууланышы керек. РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Бучадагы окуяны чагымчылык деп комментарий кылганын РИА Новости жазды.
Эске салсак, украин бийлиги менен ЖМКлары Киевдин жака-белинде "орустардын кылмышы" тууралуу тартылган видеону таратты. Аталган тасмада жолдо адамдардын сөөгү жатканы тартылган. Көргөндөр "сөөктөрдүн" колу кыймылдап, аскер техникасынын алдында калбоого аракет кылып жатканын байкашкан. Ал эми бир транспорттун күзгүсүнөн машина өтөрү менен туруп бараткан "маркумду" көрүүгө болот. Россиянын Коргоо министрлиги Украина бийлигинин Буча шаарындагы россиялык жоокерлердин "кылмышын" тастыктады делген материалы кезектеги чагымчылык экендигин билдирген.
"Биз бардык айыптоолорду таптакыр четке кагабыз. Аны менен катар эле бул тема талкууланышы зарыл, болгондо да жогорку деңгээлде талкууланышы керек деп эсептейбиз. Андыктан муну кароо демилгеси көтөрүлдү, бул тема Коопсуздук кеңеши тарабынан каралышы керек деген биздин демилге болгон. Анын блоктолгонун да билебиз", — деген Песков журналисттерге.
Ал Украина тараткан видеоматериалдарга ишенүүгө болбой тургандыгын, маалымат "олуттуу шек менен" текшерилиши зарылдыгын айтты.
Россиянын Коргоо министрлигинин адистери таратылган маалыматта видеонун жасалма болгону боюнча белгилер бар экендигин билдиргенин кошумчалады.
Песков факт жана окуялардын календардык ырааттуулугу "бул бекемдөөлөрдүн шексиздигинен" кабар бербей тургандыгын белгиледи.
РФ Коргоо министрлиги россиялыктар көзөмөлдөгөн аймакта бир дагы жергиликтүү тургун зордук-зомбулуктан жабыркабаганы айтылат. Министрлик аскер бөлүктөрдүн баары шаардан 30-мартта, Москва менен Киев өкүлдөрүнүн Стамбулдагы сүйлөшүүлөрүнөн кийин эле чыгып кеткенин эске салды.
Түштүк жагы, аны ичинде эл жашаган кварталдар күнү-түнү украниалык аскерлер тарабынан аткылоого алынганда түндүк тарапты көздөй чыккан тарап тосулган эмес. Маалыматтарда артиллериядан, танкадан, реактивдүү системадан атылганы айтылды.
Буча шаарындагы Украинанын аскерлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.04.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Элчи Антонов: АКШ Бучаны украин аскерлери аткылаган маалыматка үндөбөй турат
Жаңылыктар түрмөгү
0