Шаршембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Күн жылыганына байланыштуу тоолуу райондордо, ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. 6-апрелде республика боюнча күн ачык болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй, Талас жергесинде +24...+29, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +25...+30, Ысык-Көлдө +14...+19 жана Нарын аймагында +16...+21 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +27...+29, Ошто +28...+30 градуска жетет.
Кар көчкү тазалоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2022
Шашылыш билдирүү! Күндүн ысышынан улам кар көчкү түшчү аймактар
Жаңылыктар түрмөгү
0