Сүннөттө көз жумган бөбөккө ооруну сездирбөөчү дарыдан кийин наркоз берилген

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүШприц менен дарыгер. Архив
Шприц менен дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2022
Жазылуу
Баланы Улуттук госпиталдын урология бөлүмүнө 2-апрель күнү саат 14:00дө алып келишкен. Наристе ал жерде иштеген ординатордун тууганы болгондуктан дарыгер кесиптешине кайрылып, бөбөктү сүннөткө отургузуп берүүсүн суранган.
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Сүннөткө отургузгандан кийин чарчап калган балага алгач ооруну сездирбөөчү препарат сайылып, андан кийин наркоз берилген. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдирди.
Маалыматка караганда, баланы Улуттук госпиталдын урология бөлүмүнө 2-апрель күнү саат 14:00дө алып келишкен. Наристе ал жерде иштеген ординатордун тууганы болгондуктан дарыгер кесиптешине кайрылып, баланы сүннөткө отургузуп берүүсүн суранган.
"Алгач балага ооруну сездирбөөчү препарат сайылган. Жаңы кесе баштаганда эле бала ыйлап, каршылык көрсөтүп, ишти аягына чыгартпай койгон. Мындан улам аны Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасына Тез жардам унаасы менен атасынын коштоосунда жеткиришкен", — деп түшүндүрүшкөн Улуттук госпиталдан.
Министрликтен билдиргендей, ал жерден балага жалпы наркоз берүү чечими кабыл алынып, препарат сайылып жаткан учурда капысынан бөбөктүн жүрөгү токтоп калган. Ооруканада ички иликтөө иштери жүрүп жатат.

Сүннөттө чарчап калган бөбөк

Буга чейин жергиликтүү ЖМКлар Бишкектин Октябрь райондук милициясына шилтеме берип, жети жашар бала сүннөткө отургузгандан кийин ооруканада чарчап калганын жазышкан.
Анда айтылгандай, 2-апрель күнү милицияга Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасынын хирургия бөлүмүндө наристенин чарчап калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Ошондой эле буга чейин ал Улуттук госпиталда жергиликтүү наркоз менен сүннөткө отургузулганы белгилүү болгон. Бала Платтер синдромуна кабылып, кан көп кетип калганы кабарланган. Милиция фактыны каттоого алып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Тергөө иштери уланууда.
Кийин Саламаттык сактоо министрлиги наристе кансырап эмес, жүрөгү токтоп калгандыктан өмүрү менен кош айтышканын билдирген. Ошондой эле Улуттук госпиталдын урология бөлүмүнүн жетекчиси Азиз Абдрасуловго сөгүш жарыяланып, сүннөткө отургузууну ишке ашырган дарыгер өз каалоосу менен иштен кеткени айтылган.
Финансы министринин орун басары Руслан Татиков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.03.2022
Кыргызстандын финансы министринин орун басарына сөгүш жарыяланды
Жаңылыктар түрмөгү
0