Сүннөттө көз жумган бөбөк: бөлүм башчыга сөгүш жарыяланып, дарыгер иштен кетти

© REUTERS / Callaghan O'HareДарыгер. Архив
Дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2022
Жазылуу
2-апрелде Бишкекте Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасынын хирургия бөлүмүнө сүннөткө отургузуудан кийин түшкөн наристе чарчап калган.
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Сүннөткө отургузгандан кийин чарчап калган жети жаштагы баланын өлүмү боюнча Улуттук госпиталдын урология бөлүмүнүн жетекчиси Азиз Абдрасуловго сөгүш жарыяланды. Маалыматты Саламаттык сактоо министрлиги тастыктады.
Ошондой эле сүннөткө отургузууну ишке ашырган дарыгер өз каалоосу менен иштен кеткени айтылды.
Буга чейин жергиликтүү ЖМКлар Бишкектин Октябрь райондук милициясына шилтеме берип, жети жашар баланын сүннөткө отургузгандан кийин ооруканада чарчап калганын жазышкан.
Анда айтылгандай, 2-апрель күнү милицияга Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасынын хирургия бөлүмүндө наристенин чарчап калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Ошондой эле буга чейин ал Улуттук госпиталда жергиликтүү наркоз менен сүннөткө отургузулганы белгилүү болгон. Бала Платтер синдромуна кабылып, кан көп кетип калганы кабарланган.
Кийин Саламаттык сактоо министрлиги наристе кансырап эмес, жүрөгү токтоп калгандыктан өмүрү менен кош айтышканын билдирген.
Милиция фактыны каттого алып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Тергөө иштери уланууда.
Финансы министринин орун басары Руслан Татиков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.03.2022
Кыргызстандын финансы министринин орун басарына сөгүш жарыяланды
Жаңылыктар түрмөгү
0