Бишкекте россиялык окуу жайлардын көргөзмөсү ачылды
Бишкекте россиялык окуу жайлардын көргөзмөсү ачылды
Sputnik Кыргызстан
Абитуриенттер окууга тапшыруу программасы, окуу шарттары жана өзүнүн билим деңгээлин текшерүү үчүн бекер тестирлөөдөн өтүү тууралуу маалымат ала алышат. 05.04.2022, Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Касымалы Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасында "Россиядан билим алуу — 2022" аттуу россиялык окуу жайлардын көргөзмөсү ачылды. Анда Москва, Санкт-Петербург, Екатеринбург, Уфа жана башка шаарлардагы 30дан ашык университет тууралуу маалымат берилет.Иш-чара Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн, КР Билим берүү министрлигинин, Бишкек мэриясына караштуу Билим берүү башкармалыгынын жана Касымалы Баялинов атындагы китепкананын колдоосу менен "Москва классиктери" коомдук фонду тарабынан уюштурулду.Көргөзмө 6-7-апрель күндөрү саат 10:00дөн 17:00гө чейин иштейт. Абитуриенттер окууга тапшыруу программасы, окуу шарттары жана өзүнүн билим деңгээлин текшерүү үчүн бекер тестирлөөдөн өтүү тууралуу маалымат ала алышат.Быйыл Кыргызстанда россиялык окуу жайлардын көргөзмөсү 10-ирет өткөрүлүп жатканын Россотрудничествонун өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Виктор Нефедов билдирди. Анын айтымында, кыргызстандыктардын Россиядан билим алуусуна квота 500гө чейин жогорулады.Нефедов квотанын саны гана эмес тандоо шарты дагы өзгөргөнүн белгиледи. Тагыраагы, эгер мурда каттоо январь айында башталса, 2021-жылдан тарта сентябрда жүргүзүлө баштады. Абитуриенттерге мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбоо сунушталды.7-8-апрель күндөрү көргөзмө Кант шаарында уланып (№4 мктеп-гимназия, Абраимов, 1), саат 10:30дан 17:00гө чейин иштейт.9-апрелде иш-чара Кочкор менен Нарында (Хан-Тенгри отелинин конференция залы) саат 14:00дөн 17:00гө чейин өтөт.Мындан тышкары, Бишкекте, Токмокто, Шопоковдо жана Кара-Балтада абитуриенттер менен жолугушуу өтүп, аларга консультация берилет.Көргөзмөнүн алкагындагы бардык иш-чаралар бекер.
Абитуриенттер окууга тапшыруу программасы, окуу шарттары жана өзүнүн билим деңгээлин текшерүү үчүн бекер тестирлөөдөн өтүү тууралуу маалымат ала алышат.
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Касымалы Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасында "Россиядан билим алуу — 2022" аттуу россиялык окуу жайлардын көргөзмөсү ачылды. Анда Москва, Санкт-Петербург, Екатеринбург, Уфа жана башка шаарлардагы 30дан ашык университет тууралуу маалымат берилет.
Касымалы Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасында "Россиядан билим алуу — 2022" аттуу россиялык окуу жайлардын көргөзмөсү ачылды
Касымалы Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасында "Россиядан билим алуу — 2022" аттуу россиялык окуу жайлардын көргөзмөсү ачылды
Иш-чара Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн, КР Билим берүү министрлигинин, Бишкек мэриясына караштуу Билим берүү башкармалыгынын жана Касымалы Баялинов атындагы китепкананын колдоосу менен "Москва классиктери" коомдук фонду тарабынан уюштурулду

Абитуриенттер окууга тапшыруу программасы, окуу шарттары жана өзүнүн билим деңгээлин текшерүү үчүн бекер тестирлөөдөн өтүү тууралуу маалымат ала алышат

9-апрелде иш-чара Кочкор менен Нарында (Хан-Тенгри отелинин конференция залы) саат 14:00дөн 17:00гө чейин өтөт.
Иш-чара Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн, КР Билим берүү министрлигинин, Бишкек мэриясына караштуу Билим берүү башкармалыгынын жана Касымалы Баялинов атындагы китепкананын колдоосу менен "Москва классиктери" коомдук фонду тарабынан уюштурулду.
Көргөзмө 6-7-апрель күндөрү саат 10:00дөн 17:00гө чейин иштейт. Абитуриенттер окууга тапшыруу программасы, окуу шарттары жана өзүнүн билим деңгээлин текшерүү үчүн бекер тестирлөөдөн өтүү тууралуу маалымат ала алышат.
Быйыл Кыргызстанда россиялык окуу жайлардын көргөзмөсү 10-ирет өткөрүлүп жатканын Россотрудничествонун өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Виктор Нефедов билдирди. Анын айтымында, кыргызстандыктардын Россиядан билим алуусуна квота 500гө чейин жогорулады.
Нефедов квотанын саны гана эмес тандоо шарты дагы өзгөргөнүн белгиледи. Тагыраагы, эгер мурда каттоо январь айында башталса, 2021-жылдан тарта сентябрда жүргүзүлө баштады. Абитуриенттерге мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбоо сунушталды.
7-8-апрель күндөрү көргөзмө Кант шаарында уланып (№4 мктеп-гимназия, Абраимов, 1), саат 10:30дан 17:00гө чейин иштейт.
9-апрелде иш-чара Кочкор менен Нарында (Хан-Тенгри отелинин конференция залы) саат 14:00дөн 17:00гө чейин өтөт.
Мындан тышкары, Бишкекте, Токмокто, Шопоковдо жана Кара-Балтада абитуриенттер менен жолугушуу өтүп, аларга консультация берилет.