Эч тайманба! Чет жакта окуган кыргызстандык студенттердин шыктандырчу окуясы

© Фото / Pexels/ olia danilevichЖогорку окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү. Архив
Жогорку окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.04.2022
Жазылуу
Чет жерде билим алып жаткан кыргызстандык студенттер жеке тажрыйбаларынан бөлүшүп, окуу жайды кантип тандашканын айтып беришти. Жакында Кыргызстанда бүтүрүүчүлөр кайдан билим алып, кайсы окуу жайга тапшырууну чечишет.
Көпчүлүк эбак тандап, жакынкы төрт-беш жыл кайдан окуй турганын тактап алышкан да чыгар. Ал эми дагы ойлонуп, акыл калчап тургандар үчүн мекенден ыраак жерде билим алып жаткан студенттердин дем берчү баяндарын жарыялайлы.

Билим алуу акысы жылына 300 миң сом!

Россия эл достугу университетинин студенти Зарина Корголдоева:
© Фото / из личного архива Зарины КорголдоевойРоссия эл достугу университетинин студенти Зарина Корголдоева
Студентка Российского университета дружбы народов Зарина Корголдоева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.04.2022
Россия эл достугу университетинин студенти Зарина Корголдоева
— Москвада Эл достугу университетинде "ички көзөмөл жана аудит" адистиги боюнча бюджетке өткөм. Ушул тапта магистратуранын биринчи курсун аяктап жатам. Экономикалык мобилдүүлүк жана кош диплом программасына туш келгендиктен окууну аяктаганымда кыргызстандык жана россиялык үлгүдөгү эки дипломго ээ болом. Экинчи курсту Бишкекте улантам.
Бул окуу жайда билим алуу акысы 300 миң сомдон башталат. Кыргызстандыктардын көпчүлүгү үчүн оголе кымбат. Жолум болуп, бюджетке өткөм. Башында Европада окууну пландаган элем, бирок карантиндик чаралардын айынан мүмкүн болбой калды. Биринчи жыл аяктап барат, дал ушул жакка келгениме өкүнгөн жокмун. Жолдошум менен чогуу келгендиктен башында үй-бүлөлүк жатакана табыш кыйын болгон. Бирок анын да аргасы табылып, оңой эле көчүп алдык.
Билим сапаты жөнүндө айтсам, Кыргызстанда өзөктү бекем түптөп алганымды түшүндүм. Ошол билим Москвада окууну кыйла жеңилдетип, ар кандай компанияларда такшалып, жөндөмүмдү өрчүтүүгө өбөлгө болууда.
Россия эл достугу университетинин окутуучулары да абдан күчтүү келип, жогорку технологиялар менен жабдылып, аудитория жана жатаканалары студенттер үчүн болушунча ыңгайлуу. Өзүбүздүн көп функционалдуу борборубуз да бар! Бул кыргызстандык Калкты тейлөө борборунун аналогу, кезек күтмөй жок, оройлук деген жок, сылык тейлеп, баары тез эле чечилип калат!
Студенттер чет жерде эбегейсиз тажрыйбага ээ болушат. Алар кыйла шамдагай болуп, өзү жана өз тандоосуна жоопкерчиликтин даражасын аңдай билишет. Бул – бардык мааниде жакшы турмуштук мектеп. Жеке өзүм тууралуу айтсам, жумуш боюнча көз караштарымды кайра карап чыктым. Мыкты компаниялардагы ишти өзүң тандап, күчүңдү сынап көрө аласың. Күн өткөн сайын колдон келбеген эч нерсе жок экенине ынанасың.
Жакындарыңдан алыс окуу, албетте, оор. Бирок өзүң менен өзүң болуу үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк экенин түшүнүү абзел. Дал ушул нерсе кантип жана кай багытта өскүң келерин аңдап билүүгө көмөкчү болот.

Тез токтолосуң

Россиядагы Тынч океан мамлекеттик университетинин студенти Максим Даруда:
© Фото / из личного архива Максима ДарудаРоссиядагы Тынч океан мамлекеттик университетинин студенти Максим Даруда
Студент Тихоокеанского государственного университета Максим Даруда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.04.2022
Россиядагы Тынч океан мамлекеттик университетинин студенти Максим Даруда
— Төрт жыл мурун Тынч океан мамлекеттик университетине өткөм. Абитуриент кезде жогорку окуу жайларга документ тапшыруу мөөнөтүн өткөрүп жиберипмин. Иш жарманкесине барып калып, акыркы вагонго секиргендей эле болдум. Хабаровскидеги аталган окуу жайга документ тапшыра калдым. Ошого карабай бюджеттик бөлүмгө өтүп кеттим. Жылына 150 миң сомдон жогору акы төлөнгөн окуу жайда бул мыкты мүмкүнчүлүк!
Балким кимдир бирөөгө пайдасы тийип калар, студенттик жылдар мени кандай өзгөрткөнүн айтып берейин. Шаарга алгач келгенде тааныш, досторуң жок. Ал эми Кыргызстандагы жакындарың менен баарлашайын десең, убакыт айырмасы бар. Тез токтолосуң. 17-18 жаштасың, анткен менен өзүңө өзүң гана жооптуусуң. Бул – сизге буюрган эң мыкты шыбага. Үйдөн алыстаганыңда ой жүгүртүүң түп-тамырынан бери өзгөрөт. Коммуникация деген абдан маанилүү жөндөмүң өрчүйт. Себеби сени жумушка ала койчу эч ким жок. Ошондуктан өзүң гана чыйыр салууга тийишсиң. Окууга, ишке жана көңүл ачууга жетиштүү убакыт бөлө аласың. Бардык нерсени тең салмактап алууга болот.
Экинчи курска көчкөнүмдө каражат жагынан ата-энемден көз каранды болуу жаман экенин түшүнүп, сабактан кийин иштей баштадым. Адегенде тейлөө чөйрөсүнө, кийин өз адистигим боюнча жумушка кирдим. Андайда да билим алуу жер которуп келгениңдин башкы себеби экенин унуткарбоо зарыл. Мен үчүн окууга толук көңүл бөлүү абдан маанилүү болгон.
Бул жакта билим деңгээли жогору, күчтүү окутуучулар сабак берет. Дасыгып калышса да окугандарын токтотпойт. Жолдуу экенмин, ушундай кесипкөйлөрдөн билим алып жатам.
Азыр бүтүрүүчүлөрдүн көбү университет тандап жатышса керек. Аларга берер кеңешим – бюджетке өтүүгө боло турган окуу жайлар туурасында маалыматтар жарыяланчу бардык аянтчаларды акмалап туруңуздар. Аларды интернеттен оңой эле табууга болот.
Сыртка чыгып окуудан чочулабаңыз. Жакынкы жылдары жашооңуз кандай болорун тандап жана чечим кабыл алуудан жүрөксүбөңүз.

Өзүңүздү тыңдасаңыз адашпайсыз

Оренбург мамлекеттик университетинин студенти Нурбек кызы Жанара:
© Фото / из личного архива Нурбек кызы ЖанарыОренбург мамлекеттик университетинин студенти Нурбек кызы Жанара
Студентка Оренбургского государственного университета Нурбек кызы Жанара - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.04.2022
Оренбург мамлекеттик университетинин студенти Нурбек кызы Жанара
— Оренбург мамлекеттик университетинде архитектура жана курулуш факультетинде биринчи курста окуп жатам. Окуу жайды көпкө тандагам. Бюджетке өтүүнү көздөп, чет жакта билим алгым келер эле. Ар кай жактагы университеттерге документ тапшырып жатып Россиядагы ушул окуу жайга өтүп калдым.
Бир жул мурун эле абдан маанилүү чечим кабыл алуум зарыл эле, себеби жөнөкөй курс эмес да бул. Ушул жакта бир нече жыл өткөрүп, билим алып, балким жумуш да таап каларым ажеп эмес экенин аңдадым. Дагы бир фактор — үй-бүлөңдөн узак жерге бир топ убакытка кетишиң керек.
Бирок баары өзүнөн өзү жөнгө салынып калды. Жакындарым чет өлкөлүк окуу жайга бюджеттик бөлүмгө өткөнүмө абдан кубанышты. Чынын айтсам, өзүмдү баарына камдап жаткан элем. Бирок алар сүйүнүп кабыл аларын күткөн эмесмин. Оренбургга келгенимде орун таап, документ иштерин бүтүрүүгө жардам беришти.
Бул жактагы калк абдан меймандос келет экен, буга абдан айран калгам. Азиялыктарды бул жагынан таң калтыруу кыйын эмеспи. Биринчи курс окуяларга абдан жык болду. Университеттин жатаканасында жашайм. Стипендиям да дурус, 10 миң алам. Болгону үй-бүлөмдү аябай сагынам. Кыргызстанга учуп барар күндү чыдамсыздык менен күтүп жүрөм!
Азыр абитуриенттер үчүн жеңил эмес учур, кесип жана жогорку окуу жайды тандоолору абзел. Жүрөк менен тандоо зарыл. Албетте, жакындарыбыз өздөрүнүкүн бербей туурасын алар билерин айтышат. Бирок өзүңүзгө кулак салыңыз, ошондо жаңылбайсыз.

Мүмкүнчүлүктөрдөн болушунча пайдаланыңыз!

Россия эл достугу университетинин студенти Ильяс Илимов:
© Фото / из личного архива Ильяса ИлимоваРоссия эл достугу университетинин студенти Ильяс Илимов
Студент Российского университета дружбы народов Ильяс Илимов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.04.2022
Россия эл достугу университетинин студенти Ильяс Илимов
— Тааныштарым ушул окуу жайда окугандыктан жакшы пикирлерди көп уккам. Документ тапшырып, бюджеттик бөлүмгө квота утуп алдым. Окуй турган жеримдин инфраструктурасы, ошондой эле диплому ар кайсы өлкөлөрдө жарактуу болушу өтө маанилүү эле.
Өмүрүмдө Казакстанга гана чыгып көргөм. Москвага учуп келгенимде шаарды үйрөнүп чыгуу үчүн бүтүндөй өмүр кетчүдөй туюлган. Ал үчүн мага бир жыл эле жетти. Бөлөк өлкөдө окуп, иштөө ички өсүшкө чоң өбөлгө экен.
Кыргызстанда окуп, жакшы билим алууга болот. Бирок сыртка чыгып, билим алып, үйгө башка адам болуп кайтууга да болот.
Көпчүлүк студенттер өзүнө ишенбей жатып көп нерседен куру калышат. Тайманбас болуу абзел! Билим – дүйнөнү жана башка маданияттарды таануунун эң жеткиликтүү жолу экенин эске тутуңуздар!
Кыргызстанга билим алууга кайсы өлкөнүн жаштары көп келет? - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2022
Кыргызстандагы ЖОЖдор чет элдик студенттерден канча акча табат? Инфографика
Жаңылыктар түрмөгү
0