00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
3 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Швейный хаб или «цех на выживание»? Как Бишкек становится столицей евразийского аутсорсинга
08:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жакынкы Чыгыштагы абал: Трамп АКШ-Иран согушундагы максатына жетпей калдыбы?
09:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Разрыв ожиданий: почему выпускники и работодатели не могут договориться о зарплате
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстанда 401 миң гектар жайыт калыбына келтирүү режимине өткөрүлдү. Кандай ыкмалар колдонулат?
11:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
ТЭЦ или машины? Компьютерная модель раскрыла настоящих виновников смога в Бишкеке
12:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Автоматтык станциялар жөнөтүлгөн: Кыргызстан кантип СССРдин космостук жеңишинин бир бөлүгү болду
13:04
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда Дүйнөлүк акча жумалыгы - 2026 кампаниясы өттү. Кандай жыйынтыктарга жетишилди?
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Не просто юрист: почему лучший педагог СНГ ставит добро выше кодексов
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Исражидин Зарипов: «Адам баласынын жүрөгүнө көчөт отургузууга болгон сүйүүнү отургузушубуз керек»
17:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Hitec и работа с местными властями - как в КР предвидят чрезвычайные ситуации
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Жогорку окуу жайлар эми илимди өндүрүшкө чыгара алабы? Жарлыктын келечеги
19:06
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда Дүйнөлүк акча жумалыгы - 2026 кампаниясы өттү. Кандай жыйынтыктарга жетишилди?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

ЖМК: Улуу Британиянын жашоочулары азык-түлүктүн кескин кымбаттоосуна кабылды

© AP Photo / Manu FernandezИспаниядагы айдоочулар нааразылык акциясы учурунда
Испаниядагы айдоочулар нааразылык акциясы учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.04.2022
Жазылуу
Журналисттердин айтымына караганда, кымбаттоо британиялык супермаркеттерде кадимкидей байкалып жатат.
БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Улуу Британияда мөмө-жемиш менен жашылча 30 пайызга, өсүмдүк майы 50-70 пайызга кымбаттап кеткенин РИА Новости Daily Mail басылмасына шилтеме кылып кабарлады.
Басылма мунун негизги себебинин бири — күйүүчү майдын кымбаттап кетиши экендигин, бул айыл чарба продукцияларын Испаниядан ташып келүүдө кесепетин тийгизгендигин жазды. Журналисттердин айтымына караганда, мындай көрүнүш британиялык супермаркеттерде кадимкидей байкалып жатат.
"Испаниядагы айдоочулар бензиндин баасы өсүп кеткендиктен нааразылыкка чыга башташты, алар транспорт компанияларынын кирешеси кыскаргандыктан жүк ташуу пайдасыз болуп калгандыгын айтышты. Жеткирүү Испаниядагы, Түндүк Африкадагы жаратылыш шарттарынан, транспорт контейнерлеринин жетишсиздигинен жана чек ара көзөмөлүн жүргүзгөн жерлердеги бюрократиялык ашыкча кадамдардан да кыйын абалга кептелген", — деп айтылган материалда.
Мындан сырткары, британиялык рынокко украиналык кризис да таасирин тийгизген. Улуу Британиядагы өсүмдүк майын өндүргөн Edible Oils компаниясы май чыгарган дүйнөлүк рыноктун 80 пайызы Россия менен Украинага туура келерин айткан.
Бакалея товарлары боюнча эксперт Гед Футтер тамак-аштын инфляциясы 15 пайыздан ашкандыгын, ал эми улам толкун менен келип жаткан кризистин кесепетинен баалардын "коркунучтуу жогорулай тургандыгын" айткан.
"Бул кооптуулук азык-түлүк баасынын былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу азыр 5,2 пайыздан өйдө кымбаттаганына байланышкан. Элдин көбү арзаныраак азыктар менен супермаркеттерге оой баштады", — деп түшүндүргөн Daily Mail басылмасындагы макаланын авторлору.
Россиянын Украинаны демилитаризация жана денацификациялоо боюнча атайын операциясы башталгандан тарта Батыш Москвага санкция боюнча басымдарын катуулатты. Чектөө биринчи иретте банк системасы менен жогорку технологиялык продукцияларды ташып келүү жолдоруна коюлду. Европада россиялык энергоресурстарга көз каранды болууну азайтуу боюнча чакырыктар айтыла баштады. Бирок мунун баары Батыш өлкөлөрү үчүн экономикалык көйгөйлөрдү жаратты.
Улуу Британияда 1-апрелден тарта газ менен электр кубатына коюлган босого баа дароо 54 пайызга өсүп кетти. Анын кесепети британиялыктардын энергияга болгон чыгымын орточо эсеп менен жылына 700 фунт стерлингге көтөрдү. Социалдык сурамжылоолорго таянсак, бир топ өлкөлөргө чыгымын кыйла эле азайтууга туура келет. Респонденттердин жарымынан көбү өтө зарыл болбогон оокатты албай үнөмдөөгө өтүп жатат. Үнөмдөө газ же электр кубаты боюнча 34 пайызды, тамак-аш жана биринчи зарылдыктагы товарлар боюнча 31 пайызды түзөрү айтылды.
Күйүүчү майдын кымбатташы миңдеген испаниялыктарды митингге чыгарды. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.03.2022
Күйүүчү майдын кымбатташы миңдеген испаниялыктарды митингге чыгарды. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0