Шейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектин четиндеги гүл талаасы. Архив
Бишкектин четиндеги гүл талаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.04.2022
Жазылуу
7-апрелге чейин күндүн ысыганына байланыштуу тоолуу райондордо кар көчкү түшүүcү күтүлөт. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. 5-апрелде республика боюнча күн ачык болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +23...+28, Талас өрөөнүндө +22....+27, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +24...+29, Ысык-Көл жана Нарын облустарында +16...+21 градус ысык болушу күтүлөт.
Борбор калаада күндүн табы +24...+26, Ош шаарында +25...+27 градуска жетет.
Ак-Булуң Эко коругунундагы ак куулар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.04.2022
Быйыл 900дөй ак куу кыштады. "Ак-Булуң Эко" коругунун ишмердүүлүгү. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0