БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. "Ак-Булуң Эко" коругунун жамааты коомчулукту канаттууларды коргоого чакыруу менен чыгып, бул жааттагы иш-чараларды уюштурууда.Жакында алар Тоң районундагы Кара-Талаа айылынын Алаков атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин окуучуларына канаттууларды коргоо боюнча тегерек стол уюштуруп, жаш муундарга бир топ кызыктуу маалыматтарды айтып беришти. Анда балдар Ысык-Көлдө байыр алган куштар, алардын жашоо тиричилиги жөнүндө маалымат алып, канаттууларга кам көрүү, коргоо керектиги азыркы учурдун маанилүү кадамдарынын бири экени түшүндүрүлдү.Коруктун башчысы Эрмек Шабыкеевдин айтымында, учурда бул жерде канаттуунун 40тан ашык түрү кездешет, ак куунун 2 түрү, өрдөктүн 12 түрү бар. Быйыл 900гө жакын ак куу келип кыштаганын, 10 миңдей өрдөк, 50дөй ак куу жыл бою мекендеп, канаттуу, жаныбарлар тынчтыкты сүйгөндүктөн, көп келе башташканын билдирген.Мындан үч жыл мурда Илимдер академиясы менен биргеликте жүргүзүлгөн изилдөөдө беш кыргоол жана үч коён гана аныкталганын айтып, быйыл коёндун саны 50дөн ашса, кыргоолдун саны 40ка жетип көбөйгөнүн кошумчалады.Ал канаттуу, жаныбарлары көрүнбөй, кунары качкан жерге чет өлкөлүк конокторду келтирүү кыйын болгондугун, учурда долбоор жазып, коруктун аймагында мунара салынып, 400 миң метр тегереги зым менен тосулуп, көл жээгине пристань түшүп жаткандыгын кошумчалады.Иш-чарага "Ысык-Көл" биосфералык аймагы дирекциясынын кызматкерлери, Улуттук илимдер академиясынын орнитологдору, Тоң районунун жетекчилиги, "Ак-Булуң Эко" коомдук фондунун башчысы, "Ысык-Көл" мамлекеттик коругунун егерлери, жогоруда аталган мектептин мугалимдери катышкан."Ак-Булуң Эко" чакан жамааттык коругу 2020-жылы жергиликтүү тургундар тарабынан негизделген. Суу акваториясын кошкондо жалпы аянты 400 гектарды түзөт. Анын 15 гектар жери жарым арал. Кичи корук Ысык-Көл мамлекеттик жаратылыш коругу менен чектешет.Жыйынтыгында канаттууларды сактоо боюнча резолюция кабыл алынган.
Быйыл аталган корукка 900гө жакын ак куу келип кыштаса, 50дөй ак куу жыл бою мекендеген.
БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. "Ак-Булуң Эко" коругунун жамааты коомчулукту канаттууларды коргоого чакыруу менен чыгып, бул жааттагы иш-чараларды уюштурууда.
Жакында алар Тоң районундагы Кара-Талаа айылынын Алаков атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин окуучуларына канаттууларды коргоо боюнча тегерек стол уюштуруп, жаш муундарга бир топ кызыктуу маалыматтарды айтып беришти

Анда балдар Ысык-Көлдө байыр алган куштар, алардын жашоо тиричилиги жөнүндө маалымат алып, канаттууларга кам көрүү, коргоо керектиги азыркы учурдун маанилүү кадамдарынын бири экени түшүндүрүлдү.

Жакында алар Тоң районундагы Кара-Талаа айылынын Алаков атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин окуучуларына канаттууларды коргоо боюнча тегерек стол уюштуруп, жаш муундарга бир топ кызыктуу маалыматтарды айтып беришти. Анда балдар Ысык-Көлдө байыр алган куштар, алардын жашоо тиричилиги жөнүндө маалымат алып, канаттууларга кам көрүү, коргоо керектиги азыркы учурдун маанилүү кадамдарынын бири экени түшүндүрүлдү.
Коруктун башчысы Эрмек Шабыкеевдин айтымында, учурда бул жерде канаттуунун 40тан ашык түрү кездешет, ак куунун 2 түрү, өрдөктүн 12 түрү бар. Быйыл 900гө жакын ак куу келип кыштаганын, 10 миңдей өрдөк, 50дөй ак куу жыл бою мекендеп, канаттуу, жаныбарлар тынчтыкты сүйгөндүктөн, көп келе башташканын билдирген.
Мындан үч жыл мурда Илимдер академиясы менен биргеликте жүргүзүлгөн изилдөөдө беш кыргоол жана үч коён гана аныкталганын айтып, быйыл коёндун саны 50дөн ашса, кыргоолдун саны 40ка жетип көбөйгөнүн кошумчалады.
"Уникалдуу жерибизди кантип сактап калабыз деген суроо дайым түйшөлтүп келген. Бул аймак аңчылыктын чордонуна айланып, негизги көйгөй браконьерлик болчу, жөнөкөй мисал, коён, кыргоолдор көрүнбөй калган. Жолго жакын болгондуктан пляж катары пайдаланылып, ар кайсы жерде таштандылар калчу", — деди ал.
Ал канаттуу, жаныбарлары көрүнбөй, кунары качкан жерге чет өлкөлүк конокторду келтирүү кыйын болгондугун, учурда долбоор жазып, коруктун аймагында мунара салынып, 400 миң метр тегереги зым менен тосулуп, көл жээгине пристань түшүп жаткандыгын кошумчалады.
Иш-чарага "Ысык-Көл" биосфералык аймагы дирекциясынын кызматкерлери, Улуттук илимдер академиясынын орнитологдору, Тоң районунун жетекчилиги, "Ак-Булуң Эко" коомдук фондунун башчысы, "Ысык-Көл" мамлекеттик коругунун егерлери, жогоруда аталган мектептин мугалимдери катышкан.
"Ак-Булуң Эко" чакан жамааттык коругу 2020-жылы жергиликтүү тургундар тарабынан негизделген. Суу акваториясын кошкондо жалпы аянты 400 гектарды түзөт. Анын 15 гектар жери жарым арал. Кичи корук Ысык-Көл мамлекеттик жаратылыш коругу менен чектешет.
Жыйынтыгында канаттууларды сактоо боюнча резолюция кабыл алынган.