Баткенде эки полковник 30 кг нашаа менен кармалганы айтылууда

© Sputnik / Табылды КадырбековЛаборатория криминалистического сопровождения и оперативного анализа МВД КР
Лаборатория криминалистического сопровождения и оперативного анализа МВД КР - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.04.2022
Жазылуу
Кармалган шектүүлөр Баткен облустук милициясынын убактылуу кармоо жайына киргизилгени белгилүү болду.
БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. 4-апрелге караган түнү Баткенде ички иштер органдарында жогорку кызматтарды аркалаган бир нече киши баңгизат жүгүртүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы ишенимдүү маалымат булагы кабарлады.
"Ош облустук милициясынын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башчысы, полковник И.Д., ИИМдин бөлүм башчысы, полковник К.Б. жана Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкери, майор А. 30 килограмм нашаа менен кармалышты", — деп айтылат билдирүүдө.
Кармалган шектүүлөр Баткен милициясынын убактылуу кармоо жайына киргизилгени кошумчаланды.
Кийинчерээк маалыматты ИИМ тастыктап, окуянын чоо-жайын айтып берди. Ага ылайык, 3-апрель күнү милицияга Ош жана Баткен облусунун эки жараны Тажикстандан алып келинген ири көлөмдөгү баңгизатты Кадамжай районунун аймагына сатуу үчүн кардар издеп жатканы боюнча маалымат түшкөн. Аталган факты боюнча материалдар чогултулуп, КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесине ("Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо") ылайык сотко чейинки өндүрүш ачылган. Тергөөнүн жүрүшүндө 4-апрель күнү саат 3:20да Ош шаарынын 34 жаштагы тургуну А.А. Lexus RX330 унаасын айдап бара жаткан жеринен кармалган. Салондо милиция кызматкерлери К.Б. жана И.Д. болгон. Тинтүү учурунда машинадан 30 килограмм 460 грамм баңгизат табылган.
Буга чейин Ош шаардык милициясынын эки кызматкери баңгизат сатууга шектелип кармалганы айтылган. Алардын бири 40 жаштагы подполковниги экени белгилүү болгон.
Апийим талаасында иштеп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.04.2022
"Талибдер Афганистанда апийим өстүрүүгө тыюу салды
Спецназдын кызматкерлери машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2022
УКМК Өзбекстандын чекисттери менен баңги топтун ишине бөгөт койду
Жаңылыктар түрмөгү
0