Мындан 20 жыл мурда эле болчу окуя жүзөгө ашты. Садыр Жапаровдун кайрылуусу

Президент Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.04.2022
Жазылуу
Жапаров кыргыз тарап дагы компанияга каршы козголгон бардык иштерди жана дооматтарды токтото турганын белгиледи.
БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Кумтөр алтын кени Кыргызстандын карамагына толук кайтарылганына байланыштуу элине кайрылуу жасады.
Анын кайрылуусу КТРК, республикалык жана облустук телеканалдардын эфиринде, социалдык тармактардагы баракчаларда көрсөтүлдү.
Президент алгач Кумтөр алтын кени Кыргызстандын толук ээлигине биротоло кайтарылганын кыргыз элине жана жалпы дүйнөлүк коомчулукка жарыялады.
Centerra менен болгон талаш-тартышты чечүү жана жөнгө салуу тууралуу келишимге жаңы эле кол коюлду. Биз эң чоң улуттук байлыгыбыз болгон Кумтөр кенинин Кыргызстанга толук жана биротоло өтүшүн камсыздай алдык. Ошентип Кумтөр кени толугу менен Кыргызстандын энчисине өттү! Бүгүнкү күндү өлкөбүздүн тарыхындагы чыныгы бурулуш учур деп атасам аша чапкандык болбостур. Анткени элибиз бүгүн өз тагдырына болгон жоопкерчиликти өз колуна алды. Улуттук кызыкчылыкты коргоо деген дал ушундай болушу керек!" — деди мамлекет башчы.
Жапаров макулдашуунун негизги жоболору жөнүндө айтып берди.
"Мындан ары Кумтөр кени толугу менен Кыргызстанга таандык, башкача айтканда, ишкананын 100 пайыз акциясы республикабызга тиешелүү. Биз кенди өткөн жылдын май айында ага тышкы башкарууну киргизген күндөн тартып эсептелишине жетиштик. Демек, 2021-жылдын 15-майынан берки бардык таза кирешелер, тагыраак айтканда, 323 миллион доллардан ашык каражат биздин менчик экендигин расмий түрдө таанытканга мажбурладык", — деди кайрылуусунда өлкө башчы.
Мындан тышкары, Centerra Gold компаниясы Кыргызстанга өткөн жылдын үч кварталы үчүн дивиденддерди төлөп бермей болгон. Анын көлөмү болжол менен 11 миллион долларды түзөт. Мындан сырткары, компания кыргыз тарапка 50 миллион доллар өлчөмүндөгү бир жолку төлөмдү берген.
"Биз Кумтөр кенин рекультивациялоо фондуна карата көзөмөлдү толук өзүбүзгө кайтарып алдык. Бизге 53 миллион доллар келет. Бул каражат мурда Лондон банкынын трасттык эсебинде сакталып келген. Centerra 2021-жылдын май айындагы алып кете албай калган алтындын партиясы үчүн 29 миллион долларды төлөп берүү боюнча койгон талабынан баш тартты. Компания АКШ, Швеция жана Канадада кыргыз тарапка каршы козголгон бардык соттук териштирүүлөрдү жана дооматтарды токтотмой болду", — деп билдирди президент.
АКШ доллардын пачкалары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.04.2022
Centerra Кыргызстанга канча акча төлөп бермей болду? Келишимдин шарттары
Ал эми "Кыргыз алтын" ачык акционердик коому Centerra компаниясындагы 26 пайыз үлүшүн өзүнө өткөрүп алмай болгон. Ошол эле учурда Centerra Канаданын мыйзам боюнча аталган акциялар пакетине укуктарды өткөрүп берүүгө байланыштуу салык төлөмдөрүн өз эсебинен жаба турганы айтылат.
Жапаров кыргыз тарап дагы компанияга каршы козголгон бардык соттук жана башка иштерди, дооматтарды токтото турганын белгиледи.
Президент макулдашууга жетишүү оңой-олтоң болбогонун, анын ар бир пункту боюнча чечим кабыл алуу бир жылга жакын убакытты алганын айткан.
"Эгерде буга чейин биз жыл сайын дивиденддердин символикалуу көлөмдөрүн гана алып келсек, тактап айтканда, 20 жылдын ичинде жалпысынан 85 миллион доллардын тегерегинде дивиденд алып келсек, өткөн жылдын жети айында эле 323 миллион доллар кирешеге ээ болдук. Быйыл, буюрса, 500 миллион долларга чейин алабыз деп турабыз. Кумтөр кени бүгүнкү күндө орто эсеп менен 3 миллиард долларга бааланууда", — деген мамлекет башчы.
Президенттин адистердин эсебине таянып жакынкы 10 жылда Кумтөрдөн кеминде 5 миллиард доллар киреше алууга болорун, башкача айтканда, 160тан 200 тоннага чейин алтын казыларын кошумчалады.
"Эми Кумтөр толугу менен менчигибизге өттү. Мындан жыйырма жыл мурда эле болчу окуя — бүгүн гана жүзөгө ашты. Бул, албетте, кейиштүү жана өкүнүчтүү! Бирок өткөн ишке өкүнбөйт демекчи, эл-журтубузга жараткан Кудайым белек кылган байлыкты уурдагандар, тоногондор тууралуу сөз кылгым келбейт. Мен кыргыз саясатындагы басып өткөн жолумда Кумтөрдүн байлыгы жөнүндө такай айтып келдим. Ал үчүн санаалаштарым, үй-бүлөм менен бирге далай кыйынчылыктарды да башымдан өткөрдүм", — деди Жапаров.
Мамлекет башчы мүмкүнчүлүктөн пайдаланып командасына, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн топко, ата мекендик жана эл аралык юристтерге ыраазычылык айтты.
Судьянын балкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.04.2022
Centerra Gold Inc менен Кыргызстандын ортосундагы соттошуулар токтотулду
Жаңылыктар түрмөгү
0