https://sputnik.kg/20220403/bejshenaliev-oorukana-teksheruu-1063364569.html
Алымкадыр Бейшеналиев: ооруканаларга жөнөкөй бейтап болуп барып текшерем
Алымкадыр Бейшеналиев: ооруканаларга жөнөкөй бейтап болуп барып текшерем
Sputnik Кыргызстан
Министр ишемби, жекшемби күндөрү спорттук кийим менен аймактардагы ооруканаларды текшерүүгө чыгып кетерин белгилеген. 03.04.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-04-03T17:43+0600
2022-04-03T17:43+0600
2022-04-03T17:51+0600
кыргызстан
алымкадыр бейшеналиев
оорукана
текшерүү
https://sputnik.kg/img/07e4/0c/1f/1050956576_0:129:3067:1854_1920x0_80_0_0_18d0e3cd48eeba87e6d43d6bced16fb6.jpg
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Кыргызстандагы ооруканаларды министрдей эмес, жөнөкөй бейтаптын кейпин кийип барып текшерем. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ЭлТР каналына маек куруп жатып билдирди.Аткаминер ишемби, жекшемби күндөрү спорттук кийим менен аймактардагы ооруканаларды текшерүүгө чыгып кетерин белгилеген.Ал ооруканалардын 60 пайызын дал ушундай ыкма менен текшерип, бир топ башкы дарыгерлерди кызматтан алганын кошумчалаган.
https://sputnik.kg/20220331/ministr-alymkadyr-bejshenaliev-ehl-koldoo-kajryluu-1063298499.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e4/0c/1f/1050956576_313:0:3042:2047_1920x0_80_0_0_8bff0635aabfba86ea694e766e9f7d51.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, алымкадыр бейшеналиев, оорукана, текшерүү
кыргызстан, алымкадыр бейшеналиев, оорукана, текшерүү
Алымкадыр Бейшеналиев: ооруканаларга жөнөкөй бейтап болуп барып текшерем
17:43 03.04.2022 (Жаңыртылды: 17:51 03.04.2022) Министр ишемби, жекшемби күндөрү спорттук кийим менен аймактардагы ооруканаларды текшерүүгө чыгып кетерин белгилеген.
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Кыргызстандагы ооруканаларды министрдей эмес, жөнөкөй бейтаптын кейпин кийип барып текшерем. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ЭлТР каналына маек куруп жатып билдирди.
Аткаминер ишемби, жекшемби күндөрү спорттук кийим менен аймактардагы ооруканаларды текшерүүгө чыгып кетерин белгилеген.
"Эч кимге айтпай, министр экенимди билгизбей өзүмдү бейтап сыяктуу көрсөтүп, ооруканаларды акырын текшерем. Бир жолу сокур ичегимди алдырам деп бир ооруканага бардым. Ал жактан медик операция кылам деп жатканда "бул жерде тырык турат, сокур ичеги болгон окшойм" десем эле дарыгер мени таанып, таң калган. Негизи мурда сокур ичеги болгом да. Ошентип текшерсем ал оорукана кандай иштеп жатканын билем. Министр келе жатат дегенде баарын жууп-тазалап жакшы жерлерин гана көрсөтөт. Анын эмне кереги бар", — деген министр.
Ал ооруканалардын 60 пайызын дал ушундай ыкма менен текшерип, бир топ башкы дарыгерлерди кызматтан алганын кошумчалаган.
31 Жалган Куран 2022, 18:21