Россиядагы кыргыз мигранттардын жашоосу. Мекендештердин баяны

© Sputnik / Максим БлиновМосквадагы Кызыл аянттагы адамдар. Архив
Москвадагы Кызыл аянттагы адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.04.2022
Жазылуу
Sputnik агенттигинин журналисти Россиядагы кыргызстандыктардын жашоосунан кабар алды. Ар кыл кесипте иштегендер жумушу, чет жердеги жашоосу, ой-максаттары менен бөлүштү.
Алексей Стефанов
Коронавирус пандемиясы башталган соң Россияда мигранттар эле эмес, өз жарандары да жумушсуз калып, жыйынтыгында чет элдиктердин көбү үйлөрүнө кайткан. Бирок арасында айрымдары калып, убактылуу кыйынчылыкка чыдап учурда иштерин кайрадан улантууда.
Сурамжылоого катышкан кыргызстандыктар Россиянын Украинада атайын операциясы башталгандан кийин жашоосу дээрлик өзгөрбөгөнүн айтышты. Валюта курсунун өйдө-төмөн болушу (анын үстүнө азыр доллар менен евронун курсу кайра мурдагы калыбына келе баштады), чет элдик компаниялардын Россиядан кетиши алардын ишине да, жашоосуна да залакасын тийгизген эмес. Жакшы ой-максаттары менен ишин улантып жатышат.

Жубайына Москвадан чачтарачкана ачып берүүнү кыялданган Рамис

26 жаштагы Рамис Кадырбек уулу Россияга 2019-жылы барган. Өзү Нарын облусунун Дөбөлү айылынан. Ал Россияга жаңы барганда жумуш таппай кыйналган күндөрүн баяндап берген.
© Sputnik / Алексей СтефановРамис Кадырбек уулу
Строитель Рамис Кадырбек уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.04.2022
Рамис Кадырбек уулу
"Аялым дароо жумуш таап, чачтарач болуп иштей баштады. Мен болсо жумуш таппай бир топ кыйналгам. Кийин Москва облусуна барып иштедим. Тапкан акчам батирдин акысына жетчү. Январь айында кайра жумушсуз калып, мартта курулуш тармагына кеттим. Анан эле пандемия башталып, биз иштеген компания жабылып калды", — деди Кадырбек уулу.
Жубайлар ортодон Москва облусунун Дорохово айылындагы LG Electronics ишканасына кирип иштеген. Ал жакта жатакана бекер болгондуктан акчасын топтоп, кийин кайра Москва шаарына кайтышкан.
"Үч жыл ичинде кандай гана жумушта иштеген жокмун. Таксист, курьер болдум, азыр курулуш тармагындамын. Жумушум жеңил эле", — деген Рамис.
Ал кызын эле сагынганы болбосо, жашоолору жакшы экенин белгилеген.
"Башында кызыбыз өзүбүздүн жаныбызда болчу. Ал убакта кичинекей болгондуктан ата-энеме Кыргызстанга жеткиргенбиз. Эми апам экөөнү бул жакка алып келебиз. Кызыбызды апам карап берет. Мага Москва жагат. Кийин келинчегиме Москвада сулуулук салонун ачып берсем дейм. Өзүм болсо Москва облусуна ферма жана чакан эт комбинатын салгым келет. Бул жакта Азиядан келгендер көп болгондуктан жумуш жетиштүү болот деп ойлойм", — деген ал.

Ашпозчу болуп иштеген Нооруз

29 жаштагы Нооруз Шайлообеков Россияга досунун чакыруусу менен барып, ашпозчу болуп иштеп калган. Ал ошол жактан үйлөнүп, ошол жактан кыздуу болгон. Пандемия учурунда бир аз кыйналганын айтып, бирок азыр баары ордуна келгенин баяндап берди.
© Видео / Алексей СтефановНооруз Шайлообеков
Повар Нооруз Шайлобеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.04.2022
Нооруз Шайлообеков
"Пандемияда башкалар сыяктуу мен дагы жумушу жок калдым. Ал убакта чогулткан акчабыз менен жан бактык. Төрт айга чукул үйдө отуруп калдым, бирок мекенге кеткен жокмун. Москвага көнүп алыптырбыз. Кийин жумуш кайра жанданды, жумушум өзүмө жагат. Көп дос, тааныш таптым. Ушул жактан үй алып, ишимди илгерилетейин деген оюм бар", — деген Нооруз.
Ал кызын да Россиядан окута турганын айтты.

Москвада башкы архитектор болууну самаган Айчүрөк

21 жаштагы Айчүрөк Марслан кызы Москвага ата-энеси менен көчүп барган. Үй-бүлөсү ушул шаарда турат. Мектепти да Россиянын борборунан бүтүп, азыр Эл достугу университетинде окуйт. Келечекте башкы архитектор болгусу келерин айтып, кыялы менен бөлүштү.
© Sputnik / Алексей СтефановАйчүрөк Марслан кызы
Студентка Айчурок Марслан кызы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.04.2022
Айчүрөк Марслан кызы
"Москванын жашоосу жагат. Азыр курулуш компанияларынын биринде архитектордун жардамчысымын. Кийин өзүм башкы архитектор болуп, кооз имараттарды салгым келет. Албетте, Кыргызстандагы чоң ата, чоң эне, эжемди сагынам. Бул бул жакта жердештерибиз көп. Чогулуп алып ар кандай форумдарга катышып, көргөзмө, музейлерге барып турабыз", — деген ал.

Бактысын Москвадан тапкан Ынакбек

33 жаштагы Ынакбек Бектурганов Нарын облусунун Сары-Ой айылынан. Москвага бир нече жыл мурда иштегени барган. Башында алыскы каттамдарга чыгып, Киев шоссесинде мигранттарды ташычу. Кийин Украина чек арасын жапкан соң жумушун алмаштырууга туура келген.
© Sputnik / Алексей СтефановЫнакбек Бектурганов
Таксист Ынакбек Бектурганов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.04.2022
Ынакбек Бектурганов
"Москвада таксист болуп иштей баштадым. Дал ушул шаардан келинчегим менен таанышып, баш коштук. Анан кыздуу болдук. Мага бул шаар жагат", — деди Бектурганов.
Ынакбек Бектурганов жакында бизнес ача турганын айтып, максаттарын Москвадан ишке ашыра турганын белгиледи.
Рубль купюралар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.04.2022
Россия жеке жактардын чет өлкөгө акча которуусун эки эсеге көбөйттү
Жаңылыктар түрмөгү
0