00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
2 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
7 мин
Ачык кеп
Дем берүүчү гранттар аркылуу жети айда 112 долбоор каржыланды
15:08
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Будь в курсе
О новых правилах пребывания и регистрации иностранных граждан на территории КР
16:05
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Экономиканын теориясы. Эмнеси менен маанилүү?
17:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Новые самолеты, аэропорты и проверка ИКАО: какие изменения происходят в гражданской авиации Кыргызстана
18:07
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Стимул
Достук көпүрөсү: Кыргызстан менен Хакасиянын алакасын чыңдоого ири салым кошуп жаткандар
19:07
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Между строк
Мечты и реальность: как утопии превращаются в антиутопии
20:06
48 мин
Ачык кеп
Дем берүүчү гранттар аркылуу жети айда 112 долбоор каржыланды
23:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Банктардын уставдык капиталы жогорулашы ыктымал. Кардар кандай пайда көрөт?

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук банктын имараты. Архив
Улуттук банктын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.04.2022
Жазылуу
Сырттан каржыланбаган айрым банктарга өздүк капитал менен депозиттик база кредиттик портфель түзүүдөгү негизги булак болуп калат.
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Банктардын уставдык капиталын жогорулатуу насыялар боюнча пайыздык ченди азайтууга алып келиши ыктымал.
Улуттук банк Кыргызстандагы банктардын уставдык капиталын 1 миллиард сомго чейин жогорулатууну (азыр 600 миллион сом) пландап жатканын билдирген.
Улуттук банк тактоочу суроолорго жооп берди.

Уставдык капиталды көбөйтүү сунушу эмне менен байланыштуу?

Кыргызстандын банк системасын өнүктүрүүдө негизги багыттардын бири бул системанын туруктуулугун бекемдеп, банк ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун, коопсуздугун, ишенимдүүлүгүн, банк секторунун иштөө натыйжалуулугун чыңдоо болуп саналат.
Капиталдын жетиштүү запасынын болушу банктарга жоготууларды жабууга мүмкүнчүлүк берет. Бул маселе пандемия жана акыркы каатчылыктан улам актуалдуу.
Уставдык капиталдын көлөмүн көбөйтүү ата мекендик банктар ортосунда атаандаштыкты күчөтөт. Капиталга талаптарды баскыч-баскычы менен жогорулатуу маселесин кароо сунушталууда.

Уставдык капиталды канчага чейин көбөйтүү пландалууда?

Азыркы учурда бул маселе талкууланып жатат. Жүргүзүлгөн анализдин жыйынтыгында маанилүү деген банктарга кандай талаптар туура келери белгилүү болот.

Уставдык капиталды көбөйтүү катардагы акча салгандарга жана башка кардарларга эмне берет?

Сырттан каржыланбаган айрым банктарга өздүк капитал менен депозиттик база кредиттик портфель түзүүдөгү негизги булак болуп калат. Демек, жеке капитал банктарга азыраак пайыздык коюм менен насыя берүүгө шарт түзөт.

Уставдык капитал боюнча жаңы нормативдер качан иштей баштайт?

Ушу тапта маселе каралууда, Улуттук банктын башкаруучулугунун кароосуна алып чыккандан кийин тиешелүү чечим кабыл алынат.
АКШ Доллар пачкалары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.03.2022
Улуттук банк дагы 14,5 млн. доллар сатып алды
Жаңылыктар түрмөгү
0