Медведев: Польша НАТОнун алдыңкы чегине айланууда

© Sputnik / Алексей Витвицкий / Медиабанкка өтүүВаршавадагы улутчулдардын маршы. Архив
Варшавадагы улутчулдардын маршы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.03.2022
Жазылуу
2020-жылдын август айынан тарта АКШ аскерлери кескин көбөйүп, Американын ПРО системаларын жайгаштыруу аягына чыгып бара жатат.
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Польшанын аймагында АКШнын аскерлери арбып, НАТОнун алдыңкы чегине айланууда, бирок жалпы европалык коопсуздукка мындай нерсе уламышка айланган "орус коркунучуна" караганда алда канча кооптуу. Бул тууралуу РФтин Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев Sputnik Polska агенттигине берген маегинде айткан.

"Берилген вассалдары америкалык таксыр менен жалпы эле НАТОго урмат көрсөтүшү керек. Андыктан дал Польшанын өзү Түндүк альянстын алдыңкы чегине айланууда. Анын аймагында 2020-жылдын август айынан тарта АКШнын аскерлери кескин көбөйдү, Американын ПРО системаларын жайгаштыруу аягына чыгып бара жатат. Польшанын ири регионунда бир нече "Трамп форту" курулмакчы", — деген РФтин коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары.

Медведевдин айтымында, антироссиялык санкциялардын фонунда улуттук кызыкчылык үчүн деген шылтоо менен Польша бийлиги өзүн "орустардын шумдуктуу пландары менен күрөшө турган форпост" деп жарыялады.
"Жалпы европалык коопсуздук үчүн мындай калпыстык Варшава улам айтып келе жаткан уламышка айланган "орус коркунучуна" караганда алда канча кооптуу. Бирок Польшаны Европанын ири мамлекеттери да, АКШ да олуттуу стратегиялык өнөктөш катары карабайт, себеби салмагы да, таасири да алар ойлогондой эмес. Альянска кошулуу үчүн кичүү өнөктөштөрүнө (маселен, Украина, Грузия) жардам берип, упай топтосо болмок. Бирок Польша-Украина мамилесинде баары жипке тизгендей эмес", — деп кошумчалаган Медведев.
Бул нерсе менен ал украиналык улутчулдардын Дүйнөлүк экинчи согуш учурунда кылмыштары боюнча чатактарды жана украиналыктардын "поляктар Европа биримдигине аралашып кетүүгө анча жардам бербей жатканы" боюнча таарынычын эстетти.
РФ Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Медведев: Польша Украинанын аймагына көз артып жатканын жашырууда
Жаңылыктар түрмөгү
0