Бишкекте 4-апрелден тарта жылуулук берүү токтотулат

© Sputnik / Мария Девахина / Медиабанкка өтүүЖылуулук батареясы. Архив
Жылуулук батареясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.03.2022
Жазылуу
Кыргызгидромет кызматынын маалыматы боюнча, 31-марттан баштап орточо суткалык температуранын жогорулашы күтүлүүдө.
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Бишкекте жылуулук берүү 4-апрелден тарта токтотулат. Бул тууралуу мэриядан кабарлады.
Мындай чечим күз-кыш мезгилин өткөрүү боюнча ыкчам штабдын отурумунда кабыл алынды.
"Кыргызгидромет кызматынын маалыматы боюнча, 31-марттан баштап орточо суткалык температуранын жогорулашы күтүлүүдө. Бекитилген критерийлерге ылайык, көчөдө абанын орточо суткалык температурасы беш күн катары менен +8 градустан жогору болгондо жылуулук берүү өчүрүлөт", — деп айтылат билдирүүдө.
Жарлыкка мэр Эмилбек Абдыкадыров жакын арада кол коёт.
Жылуулук боюнча маселе жаралган абоненттер төмөнкү номерлерге кайрылса болот:
"Бишкек жылуулук тармагы" — (0312) 21-28-47, (0312) 212844;
Керектөөчүлөрдү колдоо борбору — (0312) 61-11-69;
Борбордук районунун дежур инженерлери — 36-57-19, 30-07-67;
Түштүк аймагынын нөөмөт инженери — 51-06-22, 21-74-06.
Жылуулук батарея. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.03.2022
Ош шаарында 1-апрелден тарта жылуулук берүү токтотулат
Жаңылыктар түрмөгү
0