Чылым, кальян, насвай орозону бузат. Орозодо эске алуучу жагдайлар

© AFP / ODD ANDERSENКишилер намаз учурунда. Архив
Кишилер намаз учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.03.2022
Жазылуу
Муфтият Орозо айы Кыргызстанда 2-апрелде баштала тургандыгын кабарлады. Мусулмандар 30 күндүк орозодо күн чыккандан күн батканга чейин тамактанбай, суу да ичпей, жаман иштерден алыс болот.
Буга байланыштуу аталган айда эмнелерди эске алуу керектигин Sputnik Кыргызстан агенттиги эске салып, тизмектеп берди.
Ооз ачарга чейин атайылап тамак ичүүгө болбойт. Орозо башталганда алгачкы күндөрү адам бир аз кыйналышы ыктымал, бирок эки-үч күндөн кийин организм көнүп кетет. Андыктан орозо кармаган адамдын курсагы ачып же суусап кетсе, атайылап тамак ичип албашы керек. Ал эми оозу бек аялдар тамак жасап жатканда тузун көрсө болот, бирок аны жутпаш керек. Унутуп же кокустан тамак жеп, суу ичип алып анан орозо экенин эстесе, дароо жеп жатканын токтотуп орозосун уланта берсе болот.
Дары-дармек ичпейт, себеби дары баары бир ашказанга түшөт. Ал эми ооруп калган адам антибиотик дарыларын укол аркылуу алса, орозосу бузулбайт. Дагы бир учур — азыктандыруучу витаминдерди сайдырганга болбойт. Себеби андай витаминдер тамак катары эсептелет.
Чылым, кальян, насвай орозону бузат. Күндүз аны колдонгон адамдын оозу ачылып калат. Орозо бир чети ушул сыяктуу жаман адаттардан арылтууга да жардам берет.
Ооз толтура кусканга болбойт. Мындай учурда ал адамдын оозу ачылды деп эсептелип калат. Ал эми денеден, ооздон кан же ириң чыкса ооз ачылбайт.
Тилдин, көздүн, кулактын да орозосу. Орозо бир гана ашказандыкы эмес. Тилдин, көздүн, кулактын да орозосу болот. Бул ушак сөздөн, бирөөнү жамандоодон, урушуп жаңжалдашуудан оолак болуу дегенди туюндурат. Ошондой эле орозо кармаган адам сөгүнүп, адам көңүлүн калтырган жаман сөз айтуудан да алыс болушу шарт. Ошондой эле көздүн орозосу ыплас нерселерди кароону тыят. Андыктан жаман нерселерди карабай, орозону бузуп албоого аракет кылуу керек.
Орозо-2022 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.03.2022
Орозо 2022: ооз бекитүү (имсак) жана ооз ачуу (ифтар) убактылары
Сууну абайлап колдонуңуз. Орозо айы жай айына туш келип калганда адам катуу ысыкта, оор жумуштарда иштесе сууга түшүп, жуунууга уруксат берилген. Бирок ооз, кулак жана мурун аркылуу суу адамдын ички органдарына кирбеши керек. Даарат алып же жуунуп жатканда этият болуңуз.
Саарлыкка тургула. Оозду атайылап бекитпей уктап калуу жакшы эмес. Колдон келсе саарлыкка туруп, жакшы ниет, тилек менен ооз жабуу зарыл. Ал убакта тамактанууда береке бар делет.
Тиш паста пайдаланганга болбойт. Ооз бек учурда тиш паста эмес, мисвак (атайын дарактан тиш тазалоо үчүн алынган бутак — ред.) менен тазалаш керек. Бирок пастасы жок тиш щетка менен тазалоого уруксат. Тиш пастаны оозду жабарда же ачкандан кийин колдонсоңуз болот.
Жыныстык катнаш болбойт. Ооз бек учурда жубайлар ортосунда кошулууга тыюу салынат. Ооз ачкандан ооз бекиткенге чейин жыныстык катнашка уруксат берилет, бирок сөзсүз гусул алып, андан соң ооз бекитүү зарыл.
Битир-садага берүү зарыл. Орозо айы бүткөнчө битир-садаганы берген жакшы. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы быйыл анын баасын бекитти. Бир адам 1 килограмм 600 грамм буудайдын акчасын бере алат. Аны базар баасы менен алганда ар бир адамга 56 сомдон болот. Ошондой эле мейиз (1 кг 600 грамм), арпа (1 кг 600 грамм), курма (3 кг 200 грамм) менен тапшырса болот. Аны базар баасы менен салыштырганда мейиз – 717 сом, ун – 56 сом, арпа 103 сом болсо, курманын баасы 596 сомду түзөт. Андан сырткары, муктаждарга кайрымдуулук кылуу да ашыкча болбойт.
Битир-садага берип жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.03.2022
Муфтият 2022-жылдагы битир-садаганын өлчөмүн бекитти
Жаңылыктар түрмөгү
0