Күн ачылабы? Бир жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкектеги Михаил Фрунзенин эстелиги. Архив
Бишкектеги Михаил Фрунзенин эстелиги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.03.2022
Жазылуу
Өлкө аймагында аптанын орто ченинде күн ачылып, бирок аягында кайра жамгыр жаайт.
БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат берди.
Бишкек шаарында дүйшөмбүдө күн ачык болот, бирок шейшембиде мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. 30-мартта түнкүсүн жамгыр, кар жаашы күтүлөт. Андан кийин ишембиге чейин күн ачык турат.

Чүй жана Талас облустары

28-мартта күн ачык болсо, 29-мартта көпчүлүк аймактарда күндүн көзү бузулат. Тоо этектеринде жана тоолуу аймактарда кар, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаайт.
30-марттан 1-апрелге чейин жаан-чачын болбойт. 2-апрелде кайра күндүн көзү бузулуп, тоолорго кар түшөт.

Ош жана Жалал-Абад облустары

28-мартта тоолуу райондордо кар жаап, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот.
29-мартта көпчүлүк аймактарда кар аралаш жамгыр жаайт. Эртеси аба ырайы жакшырып, 2-апрелге чейин ачык болот.
Вашингтондо алча гүлдөдү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.03.2022
Өлбөгөн жанга жаз келди. Жер жүзүнүн ар кыл бурчунан тартылган 12 ирмем

Баткен облусу

28-мартта аба ырайы бузулбайт. Бирок 29-мартта көпчүлүк райондордо жамгыр жаап, тоолорго кар түшөт.
30-марттан 1-апрелге чейин жаан-чачын күтүлбөйт. 2-апрелде күндүз кээ бир райондордо жамгыр жаайт.

Ысык-Көл жана Нарын облустары

28-29-мартта түнкүсүн жаан-чачын болбойт, бирок күндүзү көпчүлүк аймактарда жамгыр, тоолорго кар түшөт.
30-мартта күн ачылып, 1-апрелге чейин турат. 2-апрелде күндүз кээ бир райондордо жамгыр жаап, тоолорго кар түшөт.
Бишкекте жоогазындардын гүлдөгөн учуру. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.03.2022
Адаттагыдан жылуу... Апрель айына карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0