Балет бийчиси Сыдыков: Ак үйгө чейин барып, кемсинип акча суроого мажбур болгонбуз

© Sputnik / Асель СыдыковаБелгилүү балет бийчиси, бир нече эл аралык конкурстун лауреаты Марат Сыдыков
Белгилүү балет бийчиси, бир нече эл аралык конкурстун лауреаты Марат Сыдыков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.03.2022
Жазылуу
Коомду өнүгүүгө, эстетикага жана позитивге жетелей турган — маданият. Кыргыз балет искусствосунун түпкү көрөңгөсү бар. Таланттуу жаштардан да уучубуз кур эмес. Болгону аларды убагында баалап, билимин, талантын мекенине арноого мүмкүнчүлүк түзүү керек.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде белгилүү балет бийчиси, бир нече эл аралык конкурстун лауреаты Марат Сыдыков мейманда болуп, чыгармачылыгы жана бул тармактын күнгөй-тескейи тууралуу кеп салды.
— Ата-энеңиз да балет искусствосунун адамдары болгондуктан ушул кесипти тандап алганыңызды эшиткенбиз...
— Атам Кубанычбек Сыдыков кыргыз балет искусствосунун белгилүү бийчиси катары театрда 30 жыл эмгектенген. Ал убагында балетмейстер болуп, кийин КРдин эл артисти наамын алган. Азыр пенсияда. 1990-жылдары биздин балет труппа Кытайга гастролго көп барчу экен. 1997-жылы атам ошондой гастролдордун биринде жүргөндө апам мени жаңы ачылган хореографиялык училищеге киргизип, жети жашымдан даярдоо классында окуп калдым. Анда бизге көбүнчө гимнастикадан сабак өтүшчү. Бул жерде жети жыл окугандан кийин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Бишкек хореографиялык колледжине тапшырдым. Менин профессионалдык балетке чындап аралашуум ушул жерден башталат.
© Фото / виктор РехемяэМарат Сыдыков чыгармачылыгы жана бул тармактын күнгөй-тескейи тууралуу кеп салды.
Танцор балета, лауреат международных конкурсов Марат Сыдыков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.03.2022
Марат Сыдыков чыгармачылыгы жана бул тармактын күнгөй-тескейи тууралуу кеп салды.
— Бирок атаңыз убагында каршы болгон экен да?
— Союз мезгилинде маданиятка, искусствого жакшы көңүл бурулганы менен 1990-жылдардан кийин артисттер, маданият адамдары айлап маяна албай кыйынчылыктар көп болгонун билебиз. Ар кими өз алдынча жан үрөп, үй-бүлө багуу үчүн соода-сатык да кылышкан. Эгемендик алгандан кийин деле маданият ошол бойдон жакшы каралбай эле кала берди. Ошондон улам атам деле бизди кесипти башка тармактан тандап, кыйналбай оокат кылышсын десе керек. Ал кезде экономист, юрист болуу мода эле. Бир чети бизде деле башка кесипти кароого мүмкүнчүлүк болгон жок да. Байкем экөөбүз тең эле кичинебизден ушул чөйрөдө чоңоюп, театр менен өстүк. Бирок кийин атам бизге көп кеңешин берип, керектүү жерден моралдык жактан колдоп келди. Байкем экөөбүз менен сыймыктанып да калчу.
Негизи жашоомдо балеттин таасири абдан чоң. Алгач мен деле башка балдардай футбол ойноп, бокска да барып жүрдүм. Башында балетке такыр кызыккан эмесмин. Анан 15 жашымда өзүн аристократтардай алып жүргөн, руханий дүйнөсү бай, убагында Ленинграддагы көркөм балет окуу жайын бүтүргөн Берик Алимбаев деген агай бизге сабак берип калды. Ошол киши мага үлгү болду.
— Кыргызстанда окуган соң чет мамлекеттен да билим алып келдиңиз. Ал жакта бизге салыштырмалуу абал кандай экен?
— Менин чет жерде билим алышыма жана балет бийчиси болушума байкем Максат Сыдыковдун да салымы зор. 2000-жылы ал агам Ялтада өткөн Юрий Григоровичтин "Фуэте Артек" аттуу конкурсуна катышып, кичүү тайпалардын арасында күмүш медалга ээ болот. Ошондон кийин балетке кызыгуусу артып, андан ары да эл аралык конкурстарга байма-бай катыша баштайт. 2002-жылы Швейцарияда өткөн сынакка катышып, берилген сегиз стипендиянын биринин ээси болуп, чет мамлекетте бекер окуу мүмкүнчүлүгүн алган. Байкем көп өлкөлөрдүн ичинен Лондон шаарында окууну тандап алат. Ал жакта эки жыл окуган соң 17 жашында биринчи эмгек келишимин түзүп, Германияга кеткен. Бир күнү ал мага ЮНЕСКОнун Борбордук Азия чөлкөмүндө жашаган искусство адамдарына арналган атайын стипендиясы бар экенин айтты. Анан мен дагы спектаклдеги бийлеримди видеого түшүрүп, салып жибердим. Алар мени жактырып, Европада бекер үч жыл окууга чакыруу келди. Албетте, эки башка мектеп, методикасында айырмачылыктар бар. Бирок бизди да Бишкекте убагында күчтүү педагогдор окуткан.
© Фото / предоставлено Маратом СыдыковымСыдыков: 15 жашымда өзүн аристократтардай алып жүргөн, руханий дүйнөсү бай Берик Алимбаев деген агай бизге сабак берген. Ошол киши мага үлгү болду
Танцор балета, лауреат международных конкурсов Марат Сыдыков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.03.2022
Сыдыков: 15 жашымда өзүн аристократтардай алып жүргөн, руханий дүйнөсү бай Берик Алимбаев деген агай бизге сабак берген. Ошол киши мага үлгү болду
— Кыргызстандык балет бийчилеринин көбү чет мамлекеттеги театр же труппалар менен келишим түзүп кетип жатканын билебиз. Сиз эмне себептен бул жакта калдыңыз?
— Европада окууну бүтүп жатканда мени Англиядагы жана Ирландиядагы балет труппаларына жиберишкен. Бирок дымагым күч болуп, дароо эле чоң театрда иштегим келди. Дайыма максимализмге умтулам. Ошол себептен баш тарттым. Анын үстүнө үйдү, мекенди сагынсам керек. Кыргызстанга келип эс алып, бир жылдай жүрүп калдым. Анан Кыргыз опера жана балет театрында документтерим бүткүчө сегиз айдай бекер иштеп жүрүп, андан кийин гана расмий түрдө артист катары штатка киргем. Алгач 800 сомдой айлык алганым эсимде.
— Эл аралык сынактардагы бир топ жетишкендиктериңизди угуп, жазып калабыз. Мындан кийин да ийгиликтер боло берсин. Ушундай сынактардан соң башка театрларга чакыруулар түштү беле?
— Биринчи жолу Сочидеги "Молодой балет мира" эл аралык конкурсуна катышып, 2-орунду алдым. Ал кезде 23 жашта элем. Ошондон кийин Россиянын бир катар театрларына чакыруу болгон. Бирок ойлонуп көрүп, "кыргыз балетин көтөрүү керек" деген чечимге келдим. Анткени көбү кетип калды. Азыр шарт, мүмкүнчүлүк көп. Жолун таап дүйнөнүн ар кайсы бурчунан жумуш таап алууга болот. Биздин балдар Австралиядан Доминиканга чейин барып иштеп жүрүшөт. Кыздарыбыз Италияда эмгектенишүүдө. Өткөн жылы театрда болгон ызы-чуудан кийин дагы көбү кетип калышкан. Ал жакта акчаны көп берет. Мен дагы кызыгып, бир жыл алты айдай иштеп келгем. Күнүнө 100 доллар төлөйт. Бир жарым айда 3 миң евро алдым. Аны бизде үч жылда араң табасың. Бирок ал балдардын баары түпкүрүндө өзүбүздүн театрыбызга күйүп-бышып, кайтып келип иштегиси келет. Театрыбыз абдан кооз. Биздикиндей театрлар дүйнөдө аз. Көп балет труппалардын базасы болгону менен театрлары жок.
Биздин театрдын күйөрмандарынын негизин шаардык интеллигенция өкүлдөрү түзөт. Ошондой эле жаштар арасында деле өз күйөрмандарыбыз пайда болуп калды.
© Sputnik / Асель СыдыковаСыдыков: Европада окууну бүтүп жатканда мени Англиядагы жана Ирландиядагы балет труппаларына жиберишкен. Бирок дымагым күч болуп, дароо эле чоң театрда иштегим келди
Танцор балета, лауреат международных конкурсов Марат Сыдыков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.03.2022
Сыдыков: Европада окууну бүтүп жатканда мени Англиядагы жана Ирландиядагы балет труппаларына жиберишкен. Бирок дымагым күч болуп, дароо эле чоң театрда иштегим келди
— Эл аралык конкурстарга катышууда каражатты кайдан табасыңар?
— Биздин театрларда гастролго чыгуу каралган эмес. Жаңы спектаклдер коюлбайт. Гастроль — артисттин жашоосунун айрып алгыс бир бөлүгү. Анткени чыгармачыл адам башкаларды карап өсөт, атаандашат, тажрыйба алмашат. Мен ошол себептен конкурстарга көп катышчумун. Он жыл эч жакка чыкпай иштесең өсүү болбойт. Сынактарда башка мамлекеттен келгендерге мамлекети костюмдарын, балеткасын алып берип, жашаганына акча берет. Баары камсыздалган. Бизде бул жагынан көп кыйынчылыктар болду. Ак үйгө чейин барып акча суроого туура келген. Бул чыгармачыл адам үчүн өтө эле жаман, кемсинүү да. Мен эл аралык тогуз конкурска барыптырмын. Бирок баарына тең ар кимден сурап, эки жактан алган өз каражатым менен катыштым. Бизде жеңиш менен келгендерге мамлекет тарабынан стипендия деле каралбайт.
— Кыргыз балет артисттери эмнеси менен айырмаланат? Артыкчылыгы жана кемчилиги?
— Орустар бойлору узун, дене мүчөсү мыкты жана образ берүүдө жан дүйнөсү өзгөчөлөнүп турат. Бирок техникалык жактан азиаттар күчтүүрөк келет. Биз Советтер Союзунун курамында болгондуктан сахнадагы жан дүйнөбүз, стилибиз орус элине жакын. Педагогдорубуз да Москвадан бүтүп келгендиктен мектебибиз окшош түптөлгөн. Ошондуктан эки синтездин таасиринде болуп, өзгөчө стилибиз бар. Кыргызстан менен Казакстандын бийчилери техника жана артисттик жактан да күчтүү.
— Корея, Япония өңдүү Азия өлкөлөрүндө балет мектептеринин көптүгүн айтышат. Анткени алар балдарын бул искусствого берүүгө абдан аракеттенишет экен. Бизде жаш муундардын кызыгуусу байкалабы?
— Азыр бизде деле ушундай мектептер, студиялар көп. Айрыкча кичинекей кыздар өздөрү кызыгышат экен. Айрым ата-энелер жөн гана балдарынын дене түзүлүшү түз болушун каалап окутушат. Кээ бирлери профессионал балет бийчиси болууну көздөйт. Мындай жеке менчик студия, мектептерге театрдын артисттери да барып сабак берип калышты. Алар көркөм гимнастика боюнча окутушат. Азыр окуу жайды бүткөн балет бийчилеринин көбү театрга келбей, дароо эле студияларга кетип жатышат. Анткени училищенин базасында бардык бийлердин техникасын өздөштүргөн, ар тараптуу кесипкөй адисти даярдап чыгат. Азыр стретчинг, фитнес гимнастика, боди-балет деген тармактар да пайда болуп калган.
Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти, хореограф, доцент Досмат Садыркулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.02.2022
Хореограф Садыркулов: согуш жүрүп, эл ачка калса да искусство унутулган эмес
— Келечекте балет артисттерин даярдоо жаатында педагог болуу планыңызда барбы? Бизде устат-шакирт жакшы өнүккөн эмеспи...
— Албетте. Устат болуу — чоң жоопкерчилик. Ага жетиштүү база менен келүү керек. Педагогдор да театралдык жана окуу жайда сабак берген мугалим деп экиге бөлүнөт. Себеби колледжде балдарга базалык билим берилет. Ал эми театрда коуч, машыктыруучу катары иш алып барып, профессионал артисттерге стиль жана техникалык жагынан сабак бересиң. Өзүмдү театралдык педагог катары көрөм. Атам балетмейстер болгону менен өзүмдү ал тармактан көрө алган жокмун.
Бул жаатта билим алууну алгач курстардан баштаса болот, бирок профессионалдык жактан улантууну каалагандар кичинесинен училищеге барышы керек. Ар бир мектептин өз салты бар жана анда иштеген адискөй педагогдордун колунан өтүп, тарбиясын алышат. Мен окуп жүргөндө хореографиялык колледжде Рейна Чокоева баштаган педагогдук күчтүү курам бар эле. Азыр көбү кетти.
Ошондой эле азыр каалоочуларга Москвадагы Агриппина Ваганова атындагы балет мектебине бир жылдык курска барып окуп келүү мүмкүнчүлүгү деле бар.
— Балет жаштыкты талап кылат. Кайсы куракта сахнадан кетүү керек?
— Балет — жаштардын искусствосу. Ошол үчүн бизге 20 жыл берилет. Негизи өзүңдүн формаңа, деңгээлиңе жараша бийлейт экенсиң. Азыр 52 жашында да бийлеп жүргөндөр бар. Менимче, бул туура эмес. Биринчиден, көрүүчүгө эстетика, сулуулук тартуулоо керек. Секире албай калсаң, толуп кетсең же көрүнүшүң жаман болсо бийлебей эле коюу туура деп ойлойм. Байкем 29 жашында бийди жыйыштырыптыр. Эгер азыр улантып кетсем, максимум эки-үч жыл бийлейм. Ашып кетсе 35 жашка чейин гана бийлөө керек. Сахнадан убагында кетип калган жакшы.
© Фото / виктор РехемяэСыдыков: орустар бойлору узун, дене мүчөсү мыкты жана образ берүүдө жан дүйнөсү өзгөчөлөнүп турат. Бирок техникалык жактан азиаттар күчтүүрөк келет
Танцор балета, лауреат международных конкурсов Марат Сыдыков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.03.2022
Сыдыков: орустар бойлору узун, дене мүчөсү мыкты жана образ берүүдө жан дүйнөсү өзгөчөлөнүп турат. Бирок техникалык жактан азиаттар күчтүүрөк келет
— Эми алдыда кандай пландарыңыз бар? Театрдагы болуп өткөн жагдайды көбү билишпесе керек...
— Сахнада бийлей элегиме бир жыл толду. Акыркы спектаклим 2021-жылдын 5-февралында болгон. Ошондон бери сахнага чыга элекмин. Театрдан кеткенден кийин жарым жылдай өз алдымча машыктым, андан кийин токтоп калды. Артист үчүн бир жыл сахнага чыкпай, бийлебей калуу трагедия. Анткени бир күн өткөрүп жиберсең, эки күн иштешиң керек. Күндө машыгып, форманы кармап туруу зарыл. Азыр үйдөмүн. Театрдагы ызы-чуудан кийин карьерамды жыйыштырып, чет мамлекетке башка иштер менен кетип калууну ойлодум. Бирок ата-энем кыйынчылыктар боло берерин айтып, кырдаал оңолмоюнча бир аз күтүп тур деп кеңеш беришти. Жашоодо ар кандай болуп калат экен. Мен да макул болдум. Эми театрга алышса кайрадан формага кирүүгө болгон аракетимди кылам.
Биздин театрдагы чырды көбү акча үчүн болгон деп ойлошот. Бирок чынында андай эмес. Биз беш миң сомго деле иштеп келгенбиз. Кеп мамиледе жатат. Чыгармачыл адамдарга аябай таң калдым. Көрсө, биз үчүн материалдык байлык биринчи орунда эмес экен. Жакшы мамиле жасап, көңүл буруп мактап койсо эле берилип иштеп жүрө берет турбайбызбы.
— Бул тармакты өнүктүрүү үчүн эмне маанилүү?
— Жогоруда айткандай, артисттерге биринчи адамча мамиле керек. Балет бийчилерин колдоп, көңүл буруп коюшса жакшы болмок. Анан хореографиялык училище театр үчүн кадр даярдаган окуу жай. Ошол себептен окуу жай менен театр бир толкунда, бир системада иштеши керек. Ал системаны да карап чыгуу абзел. Азыр өз методикабызды таап, иштей турган учур келди. Ушунун баары ишке ашса көп ийгиликтерге жетерибизге ишенем.
Англиялык дастанчы Самуэль Григгс - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.02.2022
Англиялык дастанчы Самуэль: Олжобай менен Кишимжанды изилдеп, үйрөнүп жатам
Жаңылыктар түрмөгү
0