https://sputnik.kg/20220326/uluttuk-bank-kyrgyzstan-rubl-chetke-kaguu-1063166498.html
Улуттук банк Кыргызстан рубль колдонууга өтөт делген маалыматты четке какты
Улуттук банк Кыргызстан рубль колдонууга өтөт делген маалыматты четке какты
Sputnik Кыргызстан
Башкы банк жалган маалыматтарды таратуудан оолак болууга чакырып, буга мыйзам тыюу саларын эскертти. 26.03.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-03-26T18:17+0600
2022-03-26T18:17+0600
2022-03-26T18:25+0600
кыргызстан
улуттук банк
валюта
рубль
сом
эскертүү
https://sputnik.kg/img/101776/96/1017769609_0:0:1024:577_1920x0_80_0_0_fdd278b101aac2968d78ae1dc89862f0.jpg
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Кыргызстанда рубль валютасы жүгүртүүгө чыгарылат деген таризде айрым интернет басылмаларында жазылган маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.Аталган орган Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, улуттук валюта – сом өлкөнүн бүт аймагында төлөмдөрдүн бардык түрү боюнча кабыл алынууга милдеттүү болгон, бирден-бир мыйзамдуу төлөм каражаты болуп саналарын белгиледи.Ошондой эле башкы банк "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзамына ылайык, интернет мейкиндигинде жалган маалымат таратууга тыюу салынарын эскертти.
https://sputnik.kg/20220323/eaeb-uluttuk-valyutaga-otuu-eldar-alisherov-1063057400.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/101776/96/1017769609_113:0:1024:683_1920x0_80_0_0_cafad7c16b6a65e9dafdd57b2d063823.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, улуттук банк, валюта, рубль, сом, эскертүү
кыргызстан, улуттук банк, валюта, рубль, сом, эскертүү
Улуттук банк Кыргызстан рубль колдонууга өтөт делген маалыматты четке какты
18:17 26.03.2022 (Жаңыртылды: 18:25 26.03.2022) Башкы банк жалган маалыматтарды таратуудан оолак болууга чакырып, буга мыйзам тыюу саларын эскертти.
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Кыргызстанда рубль валютасы жүгүртүүгө чыгарылат деген таризде айрым интернет басылмаларында жазылган маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Аталган орган Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, улуттук валюта – сом өлкөнүн бүт аймагында төлөмдөрдүн бардык түрү боюнча кабыл алынууга милдеттүү болгон, бирден-бир мыйзамдуу төлөм каражаты болуп саналарын белгиледи.
"17-мартта Евразия экономикалык комиссиянын кеңешинин отуруму болуп, анда ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин экономикасынын туруктуулугун жогорулатуу, анын ичинде макроэкономикалык стабилдүүлүктү камсыздоо чаралары көрүлгөн. Өз ара соода жүргүзүүдө улуттук валюталар менен эсептешүү каралган. Улуттук банк ЖМКларды коомчулукту жаңылыштырган, такталбаган жана чындыкка туура келбеген маалыматтарды жарыялоодон карманууну сунуштайт", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле башкы банк "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзамына ылайык, интернет мейкиндигинде жалган маалымат таратууга тыюу салынарын эскертти.
23 Жалган Куран 2022, 14:09