Консул РФтеги фонд жетекчиси менен мигранттардын камсыздандыруу маселесин сүйлөштү

© Sputnik / Михаил Голенков / Медиабанкка өтүүРФтеги мигранттар. Архив
РФтеги мигранттар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.03.2022
Жазылуу
Жолугушуунун жыйынтыгында алар РФ аймагында иштеп жаткан кыргызстандыктар менен ОМС полисин документтештирүү маселеси боюнча биргелешкен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жөнүндө макулдашты.
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. КРдин РФтеги элчилигинин консулу Алмаз Букалаев Россиянын Федералдык Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (ММКФ) төрайымы Елена Чернякова менен жолугуп, кыргызстандык эмгек мигранттардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн милдеттүү медициналык камсыздандырууга байланышкан маселелерин талкуулады.
Элчиликтин маалымат кызматынын билдиргенине таянсак, Россиянын ИИМинин расмий маалыматы боюнча Кыргызстандын 1 миллиондон ашык жараны миграциялык каттоого алынган. Анын ичинен 880 миңге жакыны "жумуш" максатында каттоодо турат. Ошол эле учурда, 2021-жылы Кыргызстандын 237 миңге жакын жараны милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин алышкан. Бул тууралуу Букалаев жолугушууда айткан.
Алар эмгек мигранттарынын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ОМС системасына кирүүсү үчүн шарттарды түзүүнүн варианттарын талкуулаган.
"ММК фондунун төрайымы Чернякова жумушчулардын үй-бүлө мүчөлөрүн медициналык камсыздандыруу маселесин чечүүдө негизги тоскоолдук —  жумушчунун иштебеген үй-бүлө мүчөлөрү үчүн ОМС боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү жок болуп жаткандыгын белгиледи", — деп айтылган маалыматта.
Жолугушуунун жыйынтыгында алар РФ аймагында расмий катталып иштеп жаткан кыргызстандыктар менен ОМС полисин документтештирүү маселеси боюнча биргелешкен маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жөнүндө макулдашкан.
Салтанаттуу линейкадагы окуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.03.2022
Эми мигранттар да балдарын 1-класска аралыктан каттай алат. Шарты
Жаңылыктар түрмөгү
0