Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Раданын экс-депутаты Польшанын Украинаны бөлгөн картасын көрсөттү

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүУкраинанын Львов шаары
Украинанын Львов шаары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.03.2022
Жазылуу
Экс-депутат жарыялаган сүрөттө Украина облустары бир нече мамлекетке чачыратылып бөлүнүп көрсөтүлгөн.
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Раданын мурдагы депутаты Илья Кива өзүнүн Telegram-каналына Польшанын TVP1 телеканалы Украинаны картада бөлүп көрсөткөн сүрөтүн жарыялады.
РИА Новости билдиргендей, Кива ал Батыштын мурдагы Советтер Союзу өлкөлөрүнүн чек арасын өзгөртүүгө даярданып жатканын көрсөткөн белги экенин айткан.
"Бул Польшанын телеканалы жарыялаган карта. Батыш эмнеге даяр экени жана биз буга чейин айтып жаткандын баары көрсөтүлгөн", — деп жазган экс-депутат.
Мурдагы депутат телеканал картаны кандай мааниде бергенин так айткан эмес.
Кива жарыялаган сүрөттө байкалгандай, Польшанын курамында Украинанын Львов, Иван-Франковск, Волынь, Ровно, Тернополь облустары көрсөтүлгөн.
Картаны түзгөндөр Румыниянын курамына Чернов облусун, Венгрияга Закарпатьени кошкон. Одесса, Николаев, Херсон, Запорожье, Днепропетровск жана Харьков облусу жана Донбасс Россияга киргендей көрсөтүлгөн.
Польша телеканалынын версиясы боюнча, эгемендүү Украинанын курамында өлкөнүн борбордук жана түндүк аймактары гана калган.
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров НАТОнун аскерлерин Украинага жибериш керек деп жаткан Польша бийлиги бул мамлекеттин батышында орун алгысы келгенин айткан. Бул иш-аракет түздөн-түз Россия менен альянстын кагылышуусуна алып келет.
Буга чейин АКШ президенти Жозеф Байден Украина аймагынын бир бөлүгүнөн баш тартуу боюнча чечимди өзү кабыл аларын айткан. Бирок ал Украина мындай кадамга барбайт деген ишенимин билдирип, боолгологон.
Россия Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын операциясын 24-февралда баштаган. РФ Куралдуу күчтөрү аскердик инфраструктураларга жана украин аскерлерине гана сокку уруп жатканын билдирүүдө.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.
НАТОнун аскерлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.03.2022
Украина өзүн ээлеп алгысы келген НАТОго кирбейт. Талдоо
Жаңылыктар түрмөгү
0