Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Байгазиев: тажияда мал союу архаикалык жөрөлгөгө кирет

© Sputnik / Асель СыдыковаКыргыз билим берүү академиясынын башкы илимий кызматкери, педагогика илимдеринин доктору, профессор Советбек Байгазиев
Кыргыз билим берүү академиясынын башкы илимий кызматкери, педагогика илимдеринин доктору, профессор Советбек Байгазиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.03.2022
Жазылуу
Кыргыз билим берүү академиясынын башкы илимий кызматкери, педагогика илимдеринин доктору, профессор Советбек Байгазиев маркумду узатуудагы мал союу совет доорунда деле кызуу талкуу жаратып келгенин айтты.
Тажияда мал союу жөрөлгөсү совет доорунда, 1970-жылдардын соңу 1980-жылдардын башында республикалык деңгээлде алгач ирет талкууга алынган. Советтик Кыргызстан гезитине сынчы Кымбатбек Укаев талкууну жыйынтыктаган "Сокур намыс баш жарат" деген макала жарыялаган. Бул тууралуу Советбек Байгазиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Байгазиев: тажияда мал союу архаикалык жөрөлгөгө кирет
Анын айтымында, коомдо кыска учурда кызмат кылып, кийин жашоо-шарт өзгөргөндүгүнө байланыштуу керектен чыккан адат, жөрөлгөлөрдү мыйзам менен иреттөө зарыл.
"Адам көз жумганда мал союу архаикалык жөрөлгө десек болот. Мисалы, илгери кыргызда күйөөсү каза болсо аялдары өз беттерин канжалата тытып, ыйлачу. Бул 1960-жылдары гана акырындап азайып отуруп жоюлду. Муну эми биздин ата-бабадан калган салт эле деп улантпайбыз да, туурабы. Маркумду узатууда мал союу деле азыркы күндө мына ушундай эскилиги жеткен, муктаждыгы жок жөрөлгөгө айланды. Этикалык жактан да өтө одоно көрүнөт. Жакынын жоготкон адам өлүк узатуу зыйнатына жакшылап көңүл бурбай эле, келген кишилерди тосуу менен алектенип калат. Экономикалык жактан алып караганда деле бул ысырапкорлукка алып келет. Тажияда мал союу ысырапкорлук катары бааланып, аны жоюу тууралуу талкуулар Советтер Союзу учурунан эле болуп келе жатат. Кийин 2008-2009-жылдары "Кыргыз Туу" гезитине академик Бектемир Мурзубраимов чоң макала жазган. Ал кезде өзү депутат болчу. Макаланын негизинде талкуулар уюштурулуп, жыйынтыгында чыгымга алып келген, зарылчылыгы жок жөрөлгө, адаттарды эрежеге салган мыйзам долбоорун кабыл алуу чечими чыгарылган. Бирок өлкөдө төңкөрүш болуп кетип, бул маселе каралбай калган", — деди Байгазиев.
Окумуштуу учурда өлкөдө жаңылануу реформасы жүрүп жаткандыгын айтып, коомчулук жашоодо зарылчылыгы жок эле жасалып келген каадаларды тартипке салып алууга ыңгайлуу учурда турганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0