Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Токтогонова: дарыны бир күн эле ичпей койсо, кургак учук эртеси жугуштуу болуп калат

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук фтизиатрия борборунун директорунун орун басары, медицина илимдеринин доктору, дарыгер-фтизиатр Атыркүл Токтогонова
Улуттук фтизиатрия борборунун директорунун орун басары, медицина илимдеринин доктору, дарыгер-фтизиатр Атыркүл Токтогонова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.03.2022
Жазылуу
Улуттук фтизиатрия борборунун директорунун орун басары, медицина илимдеринин доктору, дарыгер-фтизиатр Атыркүл Токтогонова кургак учук менен ооруган адам дарысын өз учурунда ичип жатканын жакындары көзөмөлдөп, ага колдоо көрсөтүп турушу керектигин айтты.
Кургак учукка каршы дары-дармектер ондогон жылдан бери донорлордун (Дүйнөлүк банк, Глобалдык фонд) жардамы менен алынат. 2016-жылдан тартып мамлекет да дары-дармек менен камсыздай баштады. Кургак учуктун сезимтал түрүн дарылоо курсу 100-150 доллар (6 айга), ал эми дарыга туруктуу түрүнө (2020-жылы 1017 оорулуу) 1500-2000 доллар кетет. Препараттар бейтапка бекер берилет. Бул тууралуу Атыркүл Токтогонова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Токтогонова: дарыны бир күн эле ичпей койсо, кургак учук эртеси жугуштуу болуп калат
Анын айтымында, кургак учуктун сезимтал түрү менен ооругандар алты ай, ал эми дарыга туруктуу түрү менен жабыркагандар 9-20 ай дарыланат.
"Кургак учук адамдын бүт органдарына (өпкө, сөөк, муун, мээ, ашказан ж.б.) залал келтирет. Алардын ичинен өпкөнүн жабыркашы көп кездешет. 2002-жылы Кыргызстанда 100 миң кишинин ичинен 100дөн ашык адам кургак учук менен ооруса, 2019-жылы көрсөткүч 77 кишиге түштү. Пандемия башталганда бейтаптар ооруканага аз кайрылып, кайрылса да кургак учукту коронавируска алмаштырып алып, менчик ооруканаларда дарыланып жатышты. Ошентип 2020-жылы 100 миң кишинин ичинен кургак учук менен жабыркаган 52 киши, 2021-жылы 58 оорулуу аныкталды. Өткөн жылы Ош, Нарын, Талас, Ысык-Көл, Чүй облустарындагы жеке менчик ооруканадагы дарыгерлерге кургак учукту аныктоо, анализдерин кайсы жакка жөнөтүү керектиги үйрөтүлдү. Ошол клиникалардагы бейтаптарды текшергенде 250дөн ашык оорулуу (анын ичинде балдар дагы бар) табылды. Эми мындай иш-чаралар түштүк региондордо дагы жайылтылат. Ал эми мурда ар бир бейтап дары-дармекти ооруканага келип ичиши керек болсо, Саламаттыкты сактоо министрлиги оорулуунун эки жумалык дарысы колуна берилсин деген буйрук чыгарып, учурда алар видео аркылуу дарыгерге дарысын өз учурунда ичип жатканын көрсөтүп турат. Бул жакшы жыйынтык берүүдө", — деди Токтогонова.
Ал бейтап убагында дарыланса эки жуманын ичинде кургак учук жугушсуз болуп каларын, бирок дарыны бир күн эле ичпей койсо, эртеси оору жугуштуу болорун кошумчалады.
Жыл сайын 24-март - Кургак учукка каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнү белгиленет. 1882-жылдын ушул күнү доктор Роберт Кох кургак учукту пайда кылуучу бактерияны ачканын жарыялап, бул оорунун диагностикасын коюу жана дарылоого мүмкүнчүлүк пайда болгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0