1-апрелде күч түзүмдөрүнүн маянасы көтөрүлбөйт. Жапаров Ташиевге жооп берди

© Sputnik / Жоомарт УраимовКүч түзүмдөрүнүн кызматкерлери. Архив
Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.03.2022
Жазылуу
Өкмөт башчы күч түзүмдөрүнөн бир-эки квартал чыдап турууну суранды.
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын күч түзүмдөрүн тескеген орун басары, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев өкмөттүн антикризистик чаралар боюнча азыр өтүп жаткан жыйынында "укук коргоо органдарынын маянасы 1-апрелден тарта көтөрүлөбү?" деп сурады.
Буга өкмөт башчы Акылбек Жапаров жооп берип, былтыр укук коргоо органдарынын, аскер кызматкерлеринин маянасын теңелгенин, азырынча социалдык тармакка көңүл бурулуп жатканын айтты.
"Буга чейин милиция кызматкерлерине дагы чыдап берсеңиздер деп айткам, бүгүн алар эң азы колуна 11-12 миң сом алып жатат. Бирок алардын балдарын окуткан, дарылгандар эки эсеге артта калып калды. Президенттин тапшырмасы менен жакында 309 миң кишинин маянасын көтөрөбүз. Буга мугалим, дарыгер, маданий кызматкерлер кирет. Салык жана Бажы кызматтары биз койгон пландарды аткарып жатышат, ушундай темп экинчи жана үчүнчү кварталда сакталса, августтан тарта укук коргоо органдарынын, аскер кызматкерлеринин маянасын жогорулатуу сценарийин даярдап жатабыз. Бир-эки квартал чыдап берсеңиздер деп суранып кетем", — деди Жапаров.
Андан соң Ташиев "1-апрелден баштап маяна көтөрүлбөйт" деп ачык айтуу керектигин билдирди. Себеби алар ушуну көтөрүп жатканын белгилеп, эми 1-августка пландалганын тактап коюуну суранды.
Өз кезегинде финансы министри Алмаз Бакетаев январь-февраль айларында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бажыдан 203,6 пайызга, салык 186 пайызга көп киреше түшкөнүн билдирди. Бул сумма 15 миллиард сомду түзөт.
Сом купюралары жана монеталары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.03.2022
Бюджет, салык, бажы ставкалары өзгөрөт. Өкмөттүн кризиске каршы демилгеси
Жаңылыктар түрмөгү
0