00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Экономикалык панорама
19:05
40 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
7 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Мүмкүнчүлүгү чектелген студенттерге шарт түзгөн медициналык окуу жай
11:08
25 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
6 мин
Максимальный репост
Школа в цифре: как в Кыргызстане создают единую образовательную экосистему
12:08
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
13:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
2025-жылы МЖӨ механизми аркылуу 4 млрд. доллардай инвестиция тартылды — жаңы мыйзам кандай иштеп жатат?
15:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Азыркы жаштар: активдүү, максаттуу бирок улуттук баалуулуктар сакталуудабы?
17:04
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Казы Дикамбаевдин өмүр жолу жана кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүшүнө кошкон салымы
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
2025-жылы МЖӨ механизми аркылуу 4 млрд. доллардай инвестиция тартылды — жаңы мыйзам кандай иштеп жатат?
21:04
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Зафер Динчер: Кыргызстандын кооздугун көрсөтө турган китеп чыгарганы турабыз

© Sputnik / Асель СыдыковаФизика мугалими жана фотограф Зафер Динчер
Физика мугалими жана фотограф Зафер Динчер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.03.2022
Жазылуу
Физика мугалими жана фотограф Зафер Динчер сүрөт тартуу менен өлкөнүн кооздугун, элинин меймандостугун, салт-санаасын башкаларга көрсөтүп берүүнү максат кыларын айтты.
Германияда төрөлүп, Түркияда билим алдым. Эмгек жолумду Кыргызстанда физика мугалими болуп иштөөдөн баштадым. Бул аралыкта Таласта беш жыл физикадан сабак берип, учурда Оштогу мектептердин биринде балдарды окутам. 2013-жылдан бери сүрөтчүлүккө абдан кызыгып, Кыргызстандын бардык булуң-бурчун кыдырып, жаратылышынын кооздугун көрсөтүүгө аракет кылып келем. Сүрөтчүлүк — хоббим. Бул тууралуу Зафер Динчер Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Зафер Динчер: Кыргызстандын кооздугун көрсөтө турган китеп чыгарганы турабыз
Анын айтымында, уюлдук телефондун камерасына тартылып, "Тоонун баласы" деп аталган сүрөттөр топтому (кызыл жүздүү, кымыз кармаган кичинекей баланын сүрөттөрү) инстаграм баракчасында эң көп жактырууну алып, сүрөтчү мугалимди бүткүл Кыргызстанга тааныткан.
"Сүрөткө тартуунун аркасында мен көп жерлерди кыдырдым, укмуштуу окуяларды баштан өткөрдүм, жаңы адамдар менен тааныштым. Кыргызстандын айылдарында сени такыр тааныбаган адамдар үйлөрүнө чакырып, чай берип, жылуу тосуп алышат. Кыргыздардын меймандостугу башка элде жок. Ошондуктан ким тосуп алат, каякка түнөйм деп ойлонбостон каалаган аймакка сапарга чыга берем. 2019-жылы Маданият, маалымат жана туризм министрлиги мага "Мыкты сүрөтчү" деген наам берди. Мындан беш жыл мурда Ноокатта болгон улак оюнун чагылдырган элем. Ал сүрөтүм дүйнөлүк сайтта "Күндүн сүрөтү" деп тандалган. Кыргызстанга келгениме 18 жыл болду. Анын 12 жылы түштүк регионунда өттү. Менин сүрөттөрүмдүн көбү Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында тартылды. Кыргызстандын кооз пейзажы, айыл турмушу жана көк бөрүдөгү кызыктуу кадрлар көп. Ал эми менин досум, фотограф Ахмет Догандын сүрөттөрүндө Кыргызстандын түндүк аймактары чагылдырылган. Ошондуктан биз биригип өлкөнүн кооздугун көрсөтө турган китеп, мындайча айтканда, фотоальбом чыгарганы турабыз. Бул кыргызстандыктарга бизден эстелик жана чет өлкөлүк туристтер үчүн өлкөнү таанытуу китеби болот. Бир нече айдан кийин биздин эмгекке күбө болосуздар", — деди Динчер.
Ал ар бир көк бөрү оюнун калтырбай, кызыктуу кадрларды тартууну жактырарын жана 10го жакын аспапта ойной аларын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0