Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Касымов: санкциялар кыргыз ишкерлерге рынокту ээлегенге мүмкүнчүлүк берет

© Sputnik / Асель СыдыковаСоода өнөр-жай палатасынын ага вице-президенти Роман Касымов
Соода өнөр-жай палатасынын ага вице-президенти Роман Касымов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.03.2022
Жазылуу
Соода өнөр-жай палатасынын ага вице-президенти Роман Касымов учурдагы кризис кандайдыр бир деңгээлде экономиканы өнүктүрүүгө түрткү боло аларын белгиледи.
Россияга киргизилген санкциялар кыргыз ишкерлерине рынокту ээлегенге мүмкүнчүлүк түзөт. Бул тууралуу Роман Касымов Sputnik Кыргызстан радиосундагы маегинде билдирди.
Касымов: санкциялар кыргыз ишкерлерге рынокту ээлегенге мүмкүнчүлүк берет
Анын айтымында, россиялык инвесторлорго, адистерге мүмкүндүк түзүү менен аларды өлкөгө тартуу керек.
"Учурдагы экономикалык, геосаясий абалга карабастан ЕАЭБ алкагында интеграцияны улантуу зарыл. Кандай гана кырдаал болбосун уюмдун ичиндеги милдеттенмелер аткарыла берет. Анткени эки тараптуу келишимдер, уюмдун алкагындагы нормативдик укуктук базалар бар. Ошондуктан бизнесмендерге өз иштерин уланта берүүнү сунуштап жатабыз. Мындан тышкары, азыркы тапта Россиянын ишкерлерине жаңы рынок керек болууда. Ошондуктан Кыргызстандын бизнес өкүлчүлүктөрү, экономикалык сектор ачык болуп, аларга шарт түзүп берүү зарыл. Мисалы, соңку убакта IT секторунун адистери өздөрүнө ыңгайлуу жер издешүүдө. Эмне үчүн буларга жол ачып берүүгө болбосун? Оор абал, согуш дагы экономикада секирик жасоого түзүлгөн мүмкүнчүлүк деп билсек болот. Азыркы тапта абалдан пайдаланып жаңы технологияларды өлкөгө киргизүүгө шарт түзүп берүү керек. Ошондой эле Россияга башка жактан кирип жаткан айыл чарба азык-түлүктөрү токтоп калды. Кыргыз ишкерлери бул тармактагы рыноктон өз ордун ээлеп калышы керек. Ошондой эле текстиль өнөр жайы өлкөдө жакшы жолго коюлуп калган. Аталган багытты дагы өнүктүрүүгө жол ачылууда", — деди Касымов.
Ошондой эле ал кыргыз ишкерлери ЕАЭБде ээлеп алган позицияларын жоготпоосу дагы маанилүү экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0