Сауд Аравиянын тышкы иштер министри менен кандай макулдашуулар болду? Тизме

© Фото / пресс-служба МИД КРСауд Аравиянын тышкы иштер министри Файсал бин Фархан Аль-Сауд менен кесиптеши Руслан Казакбаев
Сауд Аравиянын тышкы иштер министри Файсал бин Фархан Аль-Сауд менен кесиптеши Руслан Казакбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.03.2022
Жазылуу
20-21-мартта кыргыз-сауд мамилелеринин тарыхында биринчи жолу Сауд Араб Падышалыгынын тышкы иштер министри Кыргызстанга келип кетти.
БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Кыргызстанга расмий сапары мененкелген Сауд Аравиянын тышкы иштер министри Файсал бин Фархан Аль-Сауд менен кесиптеши Руслан Казакбаевдин ортосунда кандай макулдашуулар болгонун ТИМдин маалымат кызматынан билдирди.
Эске салсак, 20-21-мартта кыргыз-сауд мамилелеринин тарыхында биринчи жолу Сауд Араб Падышалыгынын тышкы иштер министри Кыргызстанга келген. Ал президент Садыр Жапаров жана министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кабыл алуусунда болуп, тараптар кызматташууну күчөтүү боюнча сөз кылышкан.
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Президент Садыр Жапаров Сауд Аравиясынын тышкы иштер министри ханзаада Файсал бин Фархан бин Абдулла Аль Саудду кабыл алды

Президент Садыр Жапаров Сауд Аравиясынын тышкы иштер министри ханзаада Файсал бин Фархан бин Абдулла Аль Саудду кабыл алды - Sputnik Кыргызстан
1/2

Президент Садыр Жапаров Сауд Аравиясынын тышкы иштер министри ханзаада Файсал бин Фархан бин Абдулла Аль Саудду кабыл алды

© Пресс-служба правительства КР

Акылбек Жапаров Сауд Аравия Королдугунун тышкы иштер министри Файсал бин Фархан бин Абдулла Аль-Саудду кабыл алды

Акылбек Жапаров Сауд Аравия Королдугунун тышкы иштер министри Файсал бин Фархан бин Абдулла Аль-Саудду кабыл алды - Sputnik Кыргызстан
2/2

Акылбек Жапаров Сауд Аравия Королдугунун тышкы иштер министри Файсал бин Фархан бин Абдулла Аль-Саудду кабыл алды

1/2

Президент Садыр Жапаров Сауд Аравиясынын тышкы иштер министри ханзаада Файсал бин Фархан бин Абдулла Аль Саудду кабыл алды

2/2

Акылбек Жапаров Сауд Аравия Королдугунун тышкы иштер министри Файсал бин Фархан бин Абдулла Аль-Саудду кабыл алды

Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Сауд Аравиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына карата бир катар жолугушуулар өткөрүлүп жатат.
"Министр Казакбаев кыргыз-сауд саясий кызматташтыгында эч кандай пикир келишпестиктер жок экенин айтып, буга байланыштуу сауд тарапка эки тараптуу мамилелерди стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине чыгарууну сунуштады", — деп айтылат ТИМдин билдирүүсүндө.
Тараптар октябрь айында дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгына карата президент Садыр Жапаровдун Сауд Аравияга сапарын уюштуруу боюнча биргеликте иштешүүнү макулдашты.
Бул иш сапарга даярдык көрүүнүн алкагында төмөнкүдөй иш-чараларды уюштуруу пландалып жатат:
Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы саясий кеңешмелер;
кызматташтык боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйыны;
Кыргыз-сауд бизнес форумун Бишкек шаарында өткөрүү;
Бишкек шаарындагы Кыргыз-сауд маданият борборунун курулушу;
дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгына арналган башка иш-чаралар (маданият күндөрү, туристтик форум, илимий конференциялар).
Мындан тышкары, тараптар Кыргызстандын калкын турак жай менен камсыз кылуу максатындагы Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын "Менин үйүм" программасын каржылоону талкуулашты. Ошондой эле айыл чарба, ГЭСтерди куруу, инфраструктуралык долбоорлор боюнча инвестиция салуу үчүн Кыргыз-сауд фондун түзүү маселеси каралды.
Казакбаев кыргыз жарандарынын Сауд Аравиясына турист катары барууга кызыгуусу өсүп жатканына байланыштуу электрондук туристтик виза алуу жол-жобосун жеңилдетүү өтүнүчү менен кайрылды.
Өз кезегинде Ханзаада Файсал Аль Сауд меймандостугу үчүн өлкөнүн жогорку жетекчилигине ыраазычылыгын айтып, Бишкекте макулдашылган келишимдерди жана демилгелерди ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр экенин билдирди.
Президент Садыр Жапаров жана Россия лидери Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2022
Дипломатиялык мамилеге 30 жыл толду. Путин Жапаровго куттуктоо жолдоду
Жаңылыктар түрмөгү
0