Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Глазьев: Евробиримдик ЕАЭБ мамлекеттерине өндүрүшүн кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берүүдө

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевЕАЭБ өлкөлөрүн желектери. Архив
ЕАЭБ өлкөлөрүн желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.03.2022
Жазылуу
ЕЭК министринин айтымында, азыркы шартта мамлекеттердин өздөрүнүн ресурстарын кайра иштетүүнү көбөйткөнү артыкчылыктуу багыт.
БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Европа биримдиги өзүнүн аракеттери менен ЕАЭБ өлкөлөрүнө ички өндүрүшүн кеңейтүүгө жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүүдө. Бул тууралуу ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев билдирди.
Ал "Батыш санкцияларынын фонунда ЕАЭБ мамлекеттеринин экономикасынын абалы" аталышындагы видео көпүрөгө катышты.
Министрден мунайды ташууга тыюу салынышы мүмкүн деп айтылып жаткан сөздөргө пикирин сурашкан.
"Евробиримдик технологиялык жактан биздин күйүүчү майлардан баш тарта албай турганы анык. Бизде Кытай менен Индияга, ошондой эле дүйнөлүк экономиканын өсүшүнүн негизги бөлүгүн камсыз кылган Түштүк Чыгыш Азияга экспортту көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк бар. Негизгиси, өзүбүздүн күйүүчү майларды кантип пайдалана аларыбызды билебиз", — деген Глазьев.
Анын айтымында, азыркы шартта мамлекеттер өздөрүнүн ресурстарын кайра иштетүүнү көбөйткөнү артыкчылыктуу багыт болуп саналат.
"Биз сырьёну экспорттоодон даяр продукцияны өндүрүүгө жана тышка сатууга өтүшүбүз керек. Ошондуктан мунай жана газ химиясына ири каражат жумшап, чийки мунай менен жаратылыш газын экспорттогондун ордуна иштетүүгө өтүшүбүз керек. Бул өндүрүштү бир нече эсеге көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Биз мунай жана газ-химия продукциясынын олуттуу бөлүгүн Европадан алабыз. Азыр ата мекендик өндүрүштү көбөйтүүгө жакшы шарт жаралып турат", — деди министр.
Ал күйүүчү майларды кайра иштетүүнүн көбөйүшү экономикалык өсүштүн темпин жогорулата турганын кошумчалаган.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.
Дүйнө валюталары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.03.2022
ЕЭК министри: доллар, евро жана фунттан баш тартарыбыз анык болуп калды
Жаңылыктар түрмөгү
0