Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Турал: кыргыздар 21-марттан баштап жыл санагын эсептешкен

© Sputnik / Асель СыдыковаИлимдер академиясынын философия институтунун кызматкери, акын, жазуучу, публицист Байас Турал
Илимдер академиясынын философия институтунун кызматкери, акын, жазуучу, публицист Байас Турал - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.03.2022
Жазылуу
Илимдер академиясынын философия институтунун кызматкери, акын, жазуучу, публицист Байас Турал Нооруз жаңы жыл майрамы катары алгач Иранда белгиленген деди.
Кыргыздар 21-марттан баштап жыл санагын эсептешкен. Себеби ушул күнү күн-түн теңелип, 22-сентябрга чейин күн узарат. Бул тууралуу Байас Турал Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Турал: кыргыздар 21-марттан баштап жыл санагын эсептешкен
Анын айтымында, Нооруз жаңы жыл майрамынын персче аталышы.
"Кыргыздар байыртадан аны жаңы күн, жыл ажырап, жаңы жылдын биринчи күнү же болбосо уламыштарга байланыштырып Улустун улуу күнү деп аташкан. Кытай булактарында көчмөн элдер күз, жаз анан түшүм майрамы деп үч майрамды тосору жазылган. Ал эми гунндар жаз жана күздө, күн-түн теңелгенде ар бир уруунун бийлери, таасирдүү адамдары ордого чогулуп, мал союп, курмандык чалып ата-бабаларына арналган ар кандай бата, ырымдарын кылып, эскеришкен. Мындан тышкары, кийинки жылга карата мамлекеттик иш-чаралардын планын талкуулашкан. Илимий көз караштан алганда Нооруз чыныгы жаңы жыл майрамы. Кыргыздар 21-марттан баштап жыл санагын эсептешкен. Себеби ушул күнү күн-түн теңелип, 22-сентябрга чейин күн узарат. Көчмөн эл 21-март күнү таңга маал дөңгө чыгып күндүн чыгышын тоскон. Нооруздун алдында үйдүн айланасы тазаланып, көчөттөр отургузулуп, короо жайлар аласталып, майрамга даярдык көрүлгөн. Анын биринчи күнү "Кыдыр түн" тосушкан. Ал түнү Кыдыр кырк чилтени менен асмандан түшүп, ааламды айланат деп эсептешкен. Элге жакшылык каалап, журтту тазалайт деп ишенишкен. Кыдыр жакшы адамдарга батасын берип, анын иши оңолот деген ишенимди карманышкан. Мунун элементтери кийин дагы колдонулуп, биздин аталар түнү менен от жагып, анын жанында санжыра айтып, көжө, сүмөлөк кайнатышкан", — деди Турал.
Ошондой эле ал Ноорузда таарынышкандар бири-бирин кечиришкенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0