Көк бөрү: "Ынтымак" командасы жогорку лигада чемпион болду

© Sputnik / Табылды КадырбековКөк бөрү "Ынтымак" командасы мелдеш учурунда. Архив
Көк бөрү Ынтымак командасы мелдеш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.03.2022
Жазылуу
Аталган мелдешке республика аймагынан чогулган бир нече команда катышып ат салышты.
БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Нооруз майрамына карата уюштурулган көк бөрү боюнча республикалык мелдеште "Ынтымак" командасы чемпион болду.
Жогорку лиганын финалында "Ынтымак" жана "Сары-Өзөн" командалары намыс талашып, Таластын "Ынтымагы” 4:1 эсебинде жеңишке жетти.
Биринчи лиганын финалында "Бакубат Талас" 4:1 эсебинде "Ийгилик" командаcын артта калтырып жеңүүчү аталды.
Ал эми 40 жаштан жогорку курактагы көк бөрүчүлөр арасында "Сары-Өзөн Чүй" командасы чемпион болду.
Спорттук мелдеш Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өттү.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram каналыбызга катталыңыз.
Ынтымак командасынын көк-бөрү оюнчусу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.03.2022
Көк бөрү турниринин финалына чыккан командалардын тизмеси
Жаңылыктар түрмөгү
0