Рысбаев: улуттук идеологияны калыптандырууда балдар адабиятынын орду чоң
© Sputnik / Табылды КадырбековБалдар жазуучусу, педагогика илимдеринин доктору, профессор Сулайман Рысбаев
Жазылуу
Балдар жазуучусу, педагогика илимдеринин доктору, профессор Сулайман Рысбаев балдар адабиятын өнүктүрүү эмнеге маанилүү экенин айтып берди.
Балдар адабияты — бул улуттук баалуулук. Анткени кичинекейлерге арналган китептер аларды тарбиялап, өнүктүрүп, билим берет. Бул тууралуу Сулайман Рысбаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Рысбаев: улуттук идеологияны калыптандырууда балдар адабиятынын орду чоң
Анын айтымында, адамды балалык куракта ак-караны ажыратып, рухий дүйнөсүн калыптандырбаса, көөдөндөгү боштукту башка баалуулуктар менен толтурат.
"Балдардын курагына, кызыкчылыгына, табитине, тилине жараша китептерди чыгаруу зарыл. Бала кайсы убакта китеп окуйт? Албетте, аларга арналган китеп текст эмес кызыктуу сүрөттөр менен түзүлүшү керек. Мындан дагы маанилүүсү, бөбөк ошол чыгармадан өзүн, кызыкчылыгын, образын, өзүнө окшош персонажды табышы зарыл. Ансыз кичинекейлерди китепке кызыктыруу мүмкүн эмес. Балдар адабияты өзүнчө идеология. Эмне үчүн Советтер Союзу балдар адабиятын баалап, колдоого алган? Анткени аларды кичине кезинен адам катары калыптандырууга маани берген. Ошондуктан балдар жазуучулары чоң-чоң сыйлыктарга татыктуу болушкан. Себеби алар мамлекеттик идеологияны калыптандыруу менен мамлекеттик тапшырыкты аткарышкан. Учурда Кыргызстан кандай идеологияда жашап жатат, деги эле идеология барбы деген суроо жаралат. Эгер бар болсо, ошого жараша балдарды тарбиялап, окутушубуз керек. Мына ошондой адабият керек. Башкача айтканда, балдар адабияты азыр бир багытка муктаж", — деди Рысбаев.
Ошондой эле ал балдарды тарбиялоодо жомоктордун каармандары чоң роль ойной турганын кошумчалады.